Михаил Кузьмич (20. 10. 1920-ж. т., Алтай крайы, Ребриха р-ну, Ребриха кыш.) — Даңк ордени-нип толук кавалери. 1940-жылдан Сов. Армияда. 1941-ж. авгуеттан Улуу Ата Мен. согушта болуп, Великие Лукинин жанындагы салгылашка катышкан. 1942-ж. аба аткычтар курсун бүтүрүп, Калинин, Воронеж, 1- ж-а 2-Украина фронтторунда салгылашкан. 226 жолу күжүрмөн учуш жасап, душмандын 5 самолетун өзү атып түшүргөн. Даңк орденинин алтын жылдызына 1946-ж. 15-майда татыктуу болгон. Кызыл Жылдыз, 2-дараж. Ата Мекендик Согуш ж-а Кызыл Туу ордендери м-п да сыйланган. Г. 1985-жылдан Фрунзе нг-нда жашап, Кыргыз ССР автомобиль транспорту ж-а шоссе жолдор мин-восунун системасында шофер болуп эмгектенуүдө.

от 2020