ГЕПАТИТ

(гр. hepar — боор) — түрдүү себептерден улам боордун сезге-ншпи. Г. катуу кармаган (Боткин оорусу) ж-а өнөкөт болуп бөлүнөт. Боор катуу сезгенгенде алгач адамдын тамак ичкиси келбей, эти ысып, алы кетип, муундары, оң кабыргасынын асты салмактанып ооруйт. Кийинчерээк оорунун негизги белгиси — сарык пайда болот. Боордун өнөкөт оорусу көбүнчө катуу сезгенүү улаарып өнөкөткө айлануудан ж-а жугуштуу (бруцеллёз, кургак учук ж. б.), мите (эхинококк, описторхоз ж. б.) ооруларынан, түрдүү уу заттар м-н уулануу ж-а кээ бир дарыларды натуура ичүүдөн пайда болот. Сезгенүү процесси көпкө созулганда, боордун клеткалары өлүп, бириктирүүчү ткандар өсүп, ңиррозго алып келет. Боордун иштешинин бузулушуна жараша, оорулуу адамдын боору, көк боору чоңоет, эти ысып, териси саргая баштайт. Өнөкөт Г. жылдап созулат. Анын алдын алуу үчүн жугуштуу ооруларды дарылоо, уула-нуудан сактануу ж-а туура тамактануу керек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *