ГЕОХИМИЯ

от2020

Ноя 28, 2020

(гео… ж-а химия)—Жердин хим. составы, андагы хим. элементтердин таралышы, топтолуш же орун которуш закон ченеми ж-дөгү илим. Г.— космохимиянын бир бөлүгү. Элементтер жер кыртышында көбүнчө хим. бирикмелерди түзүп, катуу тоо тек ж-а минералдар түрүндө жолугат. Булардын кристаллдык ре-шёткасында атомдордун (иондордун) жайгашуу тартиптери ж-а жалпы эле элементтердин жаратылышта тарка-лышы, геохим. процесстердин натыйжасында которулуштары атомдордун ички түзүлүшүнө ж-а касиеттерине жараша болот. Ошондуктан Г. биринчи иретте кристалл заттардын ж-а аларды түзгөн атомдордун негизги касиеттерине таянат. Жаратылыштагы геохим. процесстер өз энергиясы, параметрлери (Р, t, Eh, pH) ж. б. б-ча ар кандай болгондуктан андагы катышкан атомдордун «жүрүш-турушу» да ар түрдүү. Аларга жансыз жаратылыштын көп факторлору ж-а тирүү организмдер да таасир тийгизет. Мына ушуларды изилдөө — жалпы Г. илиминин башкы проблемалары. Г. теориялык Г., биогеохимия, изотоптордун Г-сы, кристаллохимия, радиогеология, физ. Г., топогеохишш ж. б. болуп бир нече тармакка бөлүнөт. Алардын ичинен 1) аймакты к Г. айрым аймактарда хим. элементтердин таркалыш өзгөчөлүгүн, ал жердин геологйясына мунун байланышын ж-а анын металлогениясы-на жараша кендердин кээ бир гана түрлөрү пайда болуп калыш шарттарын изилдейт; 2) айрым элементтердин Г-сы ар бир хим. элементтин жер кыртышында таркалуу, топтолуу закон ченемин, физ.-хим. ж-а кристаллохим. касиетин, кларкын, геохим. цикл м-н процесс-тердеги өзгөчөлүгүн, башка элементтер м-н өз ара байланышын, минерал-дарын, кендерин ж-а алардын ө. ж-да колдонулушун изилдейт. Г-нын ил.-теориялык мааниси — Жердин хим. эволюциясын аныктап, анын пайда болуш ж-а өнүгүш тарыхынын хим. негизин билүү, айрым геосфераларга бөлүнүш себептерин ачуу. Анын практикалык мааниси да чоң. Хим. элементтердин жер катмар-ларында топтолуу жолдорун аныктоо м-н металл кендеринин келип чыгышынын физ.-хим. шарттарын ачат ж-а алардын негизинде кен издөөнүн так геохим. методдорун берет. Элемент иондорунун минералдагы кристалл решёткада жайгашуусун изилдөө минералдык сырьёнун жаңы түрлөрүн, технологиянын жаңы жолдорун ачат. Г.— геология, физика ж-а химия илимдеринин ортосундагы илим ж-а алар м-н тыгыз байланышта. О. эле ал астр-ялык физика, геофизика, кос-мохимия, биология, география ж. б. табият ж-дөгү көп илимдер м-н өз ара байланышта. Г. өзү м-н байланыштагы илимдердин изилдөө методдорун кеңири колдонот. Жер катмарындагы тоо тектердин составын аныктоодо эң оболу геологиялык ж-а минералогиялык, андан кийин так аналитикалык химия, физ. (спектр, рентген, ядро анализдери) ж-а матем. методдор пайдаланылат. Г-нын өзүнүн методдору — элементтердин геохим. табпицаларын, диаграммаларды, профилдерди, карталарды түзүү; кларк концентрациясын, чачыроо оре-олдорун аныктоо; термобарогеохим. Ж-а геохимиялык кен издөө методдору. Анын эң негизги ж-а келечектүү методу — геохим. эксперименттер ж-а геохим. процесстерди моделдештирүү. Г. атом ж-дөгү окуунун негизинде келип чыккан. Терминди илимге 1838-ж. швед химиги К. Ф. Шёнбейн киргизген. Өзүнчө илим катары 20-к-да өнүктү. Анын өнүгүшүнө В. И. Вернадский, А. Е. Ферсман, А. П. Виноградов, Д. И. Щербаков, Н. М. Страхов, А. А. Сауков ж. б. (СССР), Ф.У. Кларк (Америка) ж-а В. М. Гольд-шмидттин (Норвегия) эмгектери чоң роль ойногон. Азыркы учурда тоо тектер м-н минералдардын радиоак-тивдүүлүгүн, изотоптордун Г-сын ж-а мантиянын, Айдын геохим. өзгөчөлүгүн ж. б. изилдөөлөр айрыкча өнүгүү-дө. СССРде Г. тармагындагы изилдөөлөр негизинен Н. С. Курнаков атн. Жалпы ж-а орг. эмес хим. ин-тунда, В. И. Вернадский атн. Химия ин-тунда ж-а Радий ин-тунда жүргүзүлөт. 1956-жылдан «Геохимия» аттуу журнал чыгарылат. Кырг-нда Г-лык изилдөө жумуштары 1950-жылдан башталып, азыр Кыргыз ССР ИАнын Эмгек Кызыл Туу ордендүү Геол. иң-ту м-н Кыргыз ССР геол. башкармасы тарабынан жүргүзүлөт. Кырг-н-дын аймагынын геохимиясын изилдөө Д. И. Щербаков, А. А. Сауков, М. М. Адышев, С. Д. Туровский, В. Т. Сургай ж. б-дын кошкон салымдары чоң.

Ад.:   Вернадский В. И., Очерки геохимии, 4 изд., М.— П., 1934; Ферсман А. Е., Геохимия, т. 1—4, П., 1933— 39; В ин о гр а д ов А. П., Геохимия редких и рассеянных химических элементов в почвах, 2 изд., М., 1957; Щербина В. В., Основы геохимии, М., 1972; Сауков А. А., Геохимия, М., 4 изд., 1975; Сургай В. Т., Геохимические исследования в Киргизии, «Вестник АН СССР», 1963, 1.

от 2020