— жер астындагы жылуулукту электр энергиясына айландыруучу жылуулук электр станция. Г. э. с-га генераторлор, буу турбиналары жайгашкан машина залы, турбиналар-дын конденсаторлорун муздатып туруучу суу жабдуусунун тех. системалары, жер астындагы буу м-н сууну тышка чыгаруучу скважиналар ж-а жог. вольттуу электротех. жабдуулар кирет. Жер астындагы жылуулукту алууда төмөнкү жөнөкөй схема колдонулат. Ысык суу м-н буунун кошундусу сепараторго — ысык сууну буудан бөлүүчү апнаратка алып келинет. Мындан бөлүнүп чыккан буу генераторду айландыруучу турбинага жиберилип, ысык суу жылуулук м-н жабдуу системасына жөнөтүлөт. Г. э. с. пайдалануучу скважиналарды бургулоодо темп-расы 250—300°С ге жеткен тектерден өтүүгө туура келет. Ошондуктан мында атайын бургулоо жабдуулары колдонулуп, скважинанын өзөгү муздак ылай м-н муздатылып турат. Г. э. с. курууда дат баспас металлдар — алюминий, анын куймалары ж-а жер титирөөгө туруктуу конструкциялар пайдаланылат.

от 2020