ГЕОТЕРМИКА

геотермия (гео… ж-а гр. therme— жылуулук) — Жер физикасы илиминин бөлүгү; жердин ички жылуулук абалын ж-а жылуулук тарыхын изилдейт. Күн нурунун жылуулугу жер кыртышынын үстүң- j кү катмарына гана өтөт. Бирок улам i тереңдеген сайын темп-pa закон ченемдүү көбөйөт (ар бир 100 м гө темп-ра +3° ка чоңоет). Бул Жер ( ичинде жылуулук булагы бар экенин i айгинелейт. Түрдүү байкоолор б-ча Жердин борборунун темп-расы 2000— 5000°Сден ашпайт. Улам ылдыйлаган сайын темп-pa көтөрүлүп, ошол себептүү Жердин терең катмарларынан өйдө багытталган жылуулук агымы пайда болот. Ал агымдын көлөмү темп-ранын градиенти м-н тоо текте-ринин жылуулук өткөргүчтүгүнө түз пропорциялаш болуп, жылына жер бетинин ар бир см2 де 30—60 кал жылуулук токтолот. Бул Жердин Күндөн алган жылуулугунан 4 миң эсе аз. Ошондуктан Жер ичинен келген жылуулук климатка таасир этпейт. Жердин жылуулугун ченөө үчүн сымап ж-а электр термометрлери колдонулуп, алар скважинанын ичине коюлат. Тоо тектеринин жылуулук өткөргүчтүгү өтө эле аз, ошон үчүн Жер ичиндеги жылуулукту энергия булагы кылып пайдалануу кыйынга турат. Г-лык изилдөөлөрдүн Жер илимдеринин теориялык маселелерин чечүүдө чоң мааниси бар (мис, тектоникалык гипотезаларды түзүүдө ж-а баамдоодо).

Ад.:   Геотермические исследования [ Сб. ст.], М., 1964; Магницкий В. А., Внутреннее строение и физика Земли, М., 1965; Геотермические исследования и использования тепла Земли, [Труды 2-го совещания по геотермическим исследованиям в СССР], М., 1966.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *