(гео… ж-а синклиналь) — жер кыртышынын тынымсыз кыймыл-аракеттө турган ири бөлүгү; жер кыртышынын платформага карама-каршы турган негизги структурасы; азыркы учурдагы тектоникалык, негизги түшүнүктөрүнүн бири. Г-дын жаралышы, өнүгүшү жер кыртышынын терең катмарлары м-н үстүңкү мантиянын өнүгүшүнө ж-а тектоникалык терең жаракаларга тыгыз байланыштуу. Г-дын узуну жүздөгөн км, эни андан тайкыраак келип, адатта тектоникалык ири терең жаракалар м-н чектелет. Г-да чөкмө тоо тектер-дин калың (15—25 км) катмарлары жатат. Адегенде жер кыртышы төмөн чөгүп, кийин ал аймак көтөрүлөт да, магматизм ж-а метаморфизм процесстери күчөп, тоо тек катмарлары бүк-төлүүлөргө учурайт. Натыйжада тоо системалары пайда болот. Бир нече Г-дык ңиклден пайда болуп, байыркы платформалар м-н чектеш турган жер кыртышынын Г-дуу ири бөлүгү Г. кырчоосу деп аталат. Жер шарында 5 (Тынч океан, Жер Ортолук деңиз, Урал-Монгол-Охота, Атлантика, Арктика) Г. кырчоосу бар. Структуралык планы ж-а негизги бүктөлүү-лөрүнүн жашы м-н айырмаланып турган Г-дуу аймактар Г-дык аймак (область) деп аталат. Г-дык аймак-тын ичинде кыймыл-аракети күчөп турган зона Г-дык система, тынчыраак абалдагысы ортоңку массив деп аталат (к. схема). «Г.» терминин туңгуч ирет (1873) амер. геолог П. Дэна киргизген, бирок анын ил. түшүнүгүн биринчи жолу (1859) шотландиялык геолог Ж. Холл берген. Франц. геолог Э. Ог (1900) Г-ды платформанын каршысы катары карап, анын ички түзүлүшү өтө татаал экенин көрсөткөн. Г-дын өнүгүшүнүн негизги баскычтарын немец геологу Э. Краус белгилеген. Амер. геолог Ч. Шухерт Г-дардын алгачкы жиктелишин (классификация-сын) сунуш кылган, ал эми анын жердеши А. Грэбо алардын миграция-сы ж-дөгү идеяны айткан. Немец геологу Х. Штилле Г-дардын өнүгүшү м-н магмалык процесстердин ортосунда закон ченемдүү байланыштар бар экенин ачып, Г-дарды эвгеосин-клиналь м-н миогеосинклиналдар деп ажыраткан. 20-к-дын 30-жылдарынан Г-ды изилдөөгө сов. геологдор активдүү киришет. А. Д. Архангельский (1933) Г-дын аймак (область) түшүнүгүн киргизген. В. В. Белоусов (1938—40) Кавказ тоолорун изилдөө-дөн Г-дын өнүгүшүнүн кээ бир жалпы белгилерин (өзгөчөлүктөрүн) ачкан. А. В. Пейве (1945) Тянь-Шань, Урал ж. б. геосинклиналдуу райондорду изилдеп, Г-дардын пайда болушунда ж-а эволюциясында негизги роль ойногон тектоникалык терең жаракалар ж-дөгү түшүнүк киргизген. Н. С Шатский (1947) Г-дык ж-а плат-формалык аймактар Жер мантиясы-нын терең бөлүктөрүнүн түзүлүшү ж-а алардын физ. абалы м-н тыгыз Геосинклиналдын пайда болуу схемасы. а—тектоникалык ири жаракалар ж-а тал-калануу зоналарынын башталыш стадиясы; б — геосинклиналь стадиясы; е — оро-гендик этапка өтүү м-н геосинклиналь аймагынын көтөрүлө башталышы; 2—оро-гендик этаптын аякталуу стадиясы, бүктөлүү аймагынын көтөрүлүүсү м-н алардын тоо системаларына айланышы. байланыштуу экенин аныктап, Г-дарды өнүгүү тарыхы м-н өзгөчөлөнгөн Г-дык системаларга топтосо болорун көрсөткөн. М. В. Муратов м-н В. Е. Хаин Г-дык структуралардын жиктелишин (классификациясын) түзүп, Г-дын өнүгүү стадияларын такташ-кан. Кийинки кездерде Г-га байланыштуу маселелерди иштеп чыгууда амер. геологдор Ж. М. Көй, Ж. Обуэн ж. б. зор салым кошту. Г-ды жер кыртышынын ийилген бөлүгү деп гана эсептеген алгачкы түшүнүк акырындап Г. ж-дөгү окууга (Г. теориясына) айланды. Бул окуу жер кыртышынын өволюциясы ж-дөгү илимдин негизи.

Ад.:   Шатский Н. С, Гипотеза Веге-нера и геосинклинали, «Изв. АН СССР, Серия геологическая», 1946, Ns 4; Пейве А. В., С и н и ц ы н В. М., Некоторые основные вопросы учения о геосинклиналях, «Изв. АН СССР. Серия геологическая», 195ft, 4; Хаин В. Е., Шейн-м а н н Ю. М., Сто лет учения о геосинклиналях, «Советская геология», I960, Л» 11; О бу ан Ж., Геосинклинали, Проблемы происхождения и развития (пер. о англ.), М., 1967; Пейве А. В. [и др.], Океаны и геосинклинальный процесс. «Докл. АН СССР», т. 196, 1971, К« 8; Хаин В. Е., Общая геотектоника, М., 1973.

от 2020