ГЕОМОРФОЛОГИЯ

(гео… ж-а гр. mor- phe — форма, logos — илим) — жер бетинин рельефи ж-дөгү илим. Ал кур-гактыктын (материктердин), океан-деңиз түптөрүндөгү рельефтин түзүлүшүн, пайда болушун, өнүгүшүн, жашын ж-а азыркы учурда өөрчүү багытын изилдейт. Рельефтин пайда болушуна ички (эндогендик) ж-а тышкы (экзогендик) процесстер таасир этет. Экзогендик процесстерге Күндүн нур энергиясына байланыштуу кубулуштардын (муз, суу, шамал ж. б.), о. эле жаныбарлар м-н өсүмдүктөрдүн аракети, эндогендик процесстерге тектоникалык кыймылдар, магматизм ж. б. кирет. Жердин рельефине Жер — Күн — Айдын өз ара тартылышы (мындан дециз-океан суулары, кээде жердин катуу бөлүктөрү көтөрүлөт) ж-а Жердин өз огунда ай-лануусундагы бурчтук ылдамдык (инерция) таасир этет. Адам коомунун иш-аракети да рельефти өзгөртүүгө көмөк көрсөтөт. Рельеф төмөн түшүп же көтөрүлүп өөрчүйт. Жердин структуралык түзүлүшүнө байланыштуу рельеф чөйрөгө, табиятка таасир кылат. Г. топурак таануу, биология, гидрология, геология, климатология, океанология ж-а гляциология илимдери м-н байланышта болуп, бир нече тармакка бөлүнөт. Жалпы Г. рельефтин пайда болушу ж-а өөрчуш процесстеринин жалпы маселелерин чечет; р е г и ондук (жекече) Г. айрым райондун конкреттүү релье-фин изилдейт; палеогеоморфо-л о г и я рельефтин байыркы доорлор-догу өөрчүш өзгөчөлүктөрүн сүрүш-түрөт; колдонмо Г. теориялык та-былгаларды эл чарбасында колдонуу багытында иш жүргүзөт. Жалпы Г. кургактыктын рельефин ж-а дециз-океан түбүнүн рельефин изилдөөчү ири багыттардан (жээк Г-сы, шельф Г-сы) турат. Ички процесстердин таасиринен пайда болгон рельефти (морфострук-тураларды) структуралык Г., тышкы процесстердин таасири м-н өөрчүгөн рельефтин (морфоскульпту-ралык) формаларды климаттык Г., рельефтин сапат жагынан өөрчүшүн, б. а. морфоматериясынын, кине-матикасынын ж-а динамикасынын бир түрдөн экинчи түргө өтүшүн, сапатын, структурасын, алмашып өөрчүшүн динамикалык Г. карайт. Динамикалык Г. изилдөө ишинде геология, гляциология, геокриология, гидродинамика ж. б. танапташ илимдердин ыкмаларын ж-а матем. статистикалык анализдерди, моделдерин, эксперименттерди пайдаланат. Г-нын башкы методу рельефти картага түшүрүү (талаа экспедициясында) ж-а Г-лык карта м-н профилдср түзүүгө (стационардык шартта) негизделген. Экспедицияда картографиялык, геоде-зиялык, геофиз. методдор, аэрометод, инструменттжк байкоолор колдонулат. Кен байлыктарды табууда, ө. ж. ж-а курулуш иштеринде, ташкын м-н эро-зияга каршы күрөштө Г-лык маалыматтар чоң жардам берет. Комплекстүү изилдөөлөрдө да Г-лык маалыматтардын мааниси зор. Өзүнчө илим болуп Г. 19-к-дын аягы 20-к-дын башында калыптанды. Ага негиз салгандар: У. М. Дейвис, Ф. Рихтгофен, А. Пенк м-н В. Пенк ж. б. Дейвистин географиялык цикл ж-дөгү окуусу, В. Пенктин «Каптал-дардын морфологиялык анализи» Г-да жаңы багыт ачты. Россияда П. П. Се-мёнов-Тян-Шанский, П. А. Кропоткин, В. В. Докучаев, И. В. Мушкетов, В. А. Обручев, СССРде И. С. Щукин, Я. С. Эделынтейн, И. П. Герасимов, К. К. Марков, Ю. А. Мещеряков ж. б. илимпоздор Г-га чоң салым кошту. СССР геоморфологдордун изилдөөлөрү СССР ИА Геоморфологиялык комиссиясы тарабынан координаңияланат.

Ад.:   Щукин И. С, Общая геоморфология, 2 изд., т. 1—2, М., 1960—64; Э д е л ь-штейн Я. С, Основы геоморфологии, 2 изд., М.—П., 1947; Панов Д. Г., Общая геоморфология, М., 1966.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *