ГЕОМОРЛОР

от2020

Ноя 28, 2020

(гр. ge —жер ж-а mci-romai — өз энчимди аламын) — Байыркы Грециядагы жер ээлери (майда, орто ж-а ири). Афиныдагы Г.— дыйкандар, эркин калктын үч тобунун (евпатриддер ж-а демиург дар м-н катар) бири. Тесей падышанын учурунда (болжол м-н б. з. ч. 13-к.) чыккан. Г. бара-бара жер участкаларынан ажырап, жакырданышкан. Архонт Со-лондун реформалары (б. з. ч. 6-к.) Г. чарбасынын көбүн калыбына келтирген, кийин Г. шаардык демос м-н кошо афинылык кул ээлик демократиянын таянычына айланган. Ал эми Сиракуздагы ж-а Самое а-ндагы Г.— аристократтар, ири жер ээлери.

от 2020