ГЕОЛОГИЯ

от2020

Ноя 28, 2020

(гео… ж-а …логия)—жер кыртышы ж-а Жердин андан терец жаткан сфералары ж-дөгү илимдердин комплекси; тар мааниде, жер кыртышынмн составы, түзүлүшү, кыймылы, өнүгүп-өрчүү тарыхы ж-а андагы кен байлыктардын пайда болушу, жайгашышы зк-дөгү илим. Геол. изилдөөлөр негизинен тоо тек-терге, минералдарга, кендерге, геол. кубулуштарга жер бетинен түздөн-түз байкоо жүргүзүү» методу аркылуу ишке ашат. Белгилүү аймактын геол. жактан изилдениши андагы көрүнөө жаткан тоо тектерди аныктоо, салыштыруу, алардан пробалар алып, лабор-ялык анализдер жүргүзүүдөн башталат. Геологиялык съемка жасалып, геологиялык парталар түзүлөт. Тоо тектери көмүскө жаткан жерлерде тоо өткөөлдөрү (шурф, шахта, канава ж. б.) казылып, бургулоо жумуштары аткарылат. Бирок бул байкоолор жер кыртышынын тереңин, о. эле төмөнкү геосфераларды изилдөө үчүн аздык кылат. Ошондуктан гео-логияда астр-я, астрофизика, физика, химия, биология илимдеринин маалыматтары, айрыкча геохимия ж-а гео-фпзиканын методдору кеңири колдонулат. Жер кыртышында болуучу геол. процесстердин көпчүлүгү өтө зор аймактарда ж-а узак убакыт бою (ондогон, жүздөгөн млн, кээде млрд жылдар) созулат. Мындай абал геол. изилдөөдө бир кыйла кыйынчылык тууДУРат— Мурда болгон геол. про-пессти түшүнүү үчүн ошол процесстин натыйжасында түзүлгөн чөкмө ж-а магма тоо тектердин составы, түзүлүшү, жер бетинен орун алышы пзилденет. Тоо тектердеги ташка айланган организмдер (фауна) м-н өсүмдүктөрдүн (флора) калдыктарын изилдөөгө арналган палеонтол. методдор (к. Палеонтология) колдонулуп, чөкмө тоо тектердин салыштырмалуу жашын аныктоого, жер тарыхын геол. эра, мезгил, заман, кылым сыяктуу бир нече убакыт бирдигине (к. Геохронология) ажыратууга мүмкүн болду. Муну м-н катар радиоактив-дик табигый ажыроо (ыдыроо) зако-нун пайдаланып, тоо тектердин абс. жашын аныктоого да болот (к. Абсолюттук геологиялык жаш). Жер бети ж-а анын астындагы азыркы учурда жүрүп жаткан геол. кубулуштар мурдагыдан бир кыйла өзгөчө болсо да, белгилүү бир окгнош-гукка ээ экендиги изилдөөлөрдөн аныкталган. Г-да кеңири колдонулуучу методдордун бири — актуализм ушуга негизделген. Минералдар м-н тоо тектерди синтездөө, метасоматоз, катмар ж-а руда пайда болуу процесстерин табияттагыдай шартта (жог. басым ж-а темп-pa м-н) окшош моделин жасоо сыяктуу эксперимент жумуштардын да Г-нын теориялык проблемаларын чечүүдө мааниси бар. Г-нын теориялык проблемалары кен байлыктарды прогноздоо, издөө, чалгындоо ж-а эл чарбасынын минералдык сырьё базасын түзүү сыяктуу практикалык маселелер м-н тыгыз байланышкан. Г. инженердик курулуштарды долборлоодо, курулуш ж-а аскер иштеринде, а. ч-сында, экономика м-н эл чарбасынын көптөгөн тармактарын пландаштырууда чоң мааниге ээ. Табиятты матер, көз караш м-н тушүндүруүдө да Г-нын ролу зор. Г. жалпысынан бири бири м-н тыгыз байланыштагы бир нече тармакка бөлүнөт. 1) Жер кыртышынын заттары м-н түзүлүшүн (структурасын) изилдөөчү TapiMaiata төмөнкүлөр кирет: м и-нералогия — жаратылышта кездешүүчү туруктуу хим. бирикмелер (минералдар) ж-дөгү илим; петрография — тоо тектердин минералдык ж-а хим. составын, түзүлүшүн, физ. касиетин, пайда болушун, өзгөрүшүн изилдөөчү илим; кристаллография — минералдар м-н алтын, платина, алмаз ж. б. сыяктуу жаратылышта таза элемент түрүндө тараган заттардын сырткы формасы м-н ички түзүлүшүн изилдөөчү илим; структуралык Г.— геол. тулку-лардын, тоо тек катмарларынын жайгашышын, алардын бүктөлүшүн, тектоникалык жаракалар м-н тилкелени-шин аныктоочу илим. 2) Геол. процесстер м-н кубулуштарды (динамикалык Г.) изилдөөчү тармакка жер кыртышынын козголу-шун, анын себебинен болуучу геол. түзүлүштөрдү изилдөөчү илим — тектоника кирет. Тектониканын бир тармагы — геотектоника. Ал Жердин ири структураларын (ма-териктер м-н океандар) изилдейт, ал эми неоген-антропоген мезгилинин жер козголуштарын изилдөөчү тармагы— неотектоника деп аталат. Тектоникалык процесстерди (мис, тоо тектердин бүктөлмөлөрү-нүн пайда болушу) моделдерде изилдөөчү илим — эксперимөнттик тектоника, жер бетиндеги аракеттеги ж-а өчкөн жанар тоолордун орун алышын, алардын атылыш процесстерин, жанар тоодон чыккан -магма, жанар тоо тектери м-н ысык суу-ларга, газдарга байкоолорду вулканология жүргүзөт, ал эми сейсмология — жер титирөөлөрдү ж-а ага байланыштуу геол. процесстерди изилдейт ж-а алардан алынган маалыматтар б-ча жер титирөөгө кооптуу аймактарды аныктайт. 3) Жердин чөкмө катмарларындагы сакталып калган калдыктардын негизинде геол. тарыхын ж-а анын ырааттуулугун аныктоочу тармак — тарыхый Г. Бул группага- төмөнкүлөр кирет: стратиграфия жердин чөкмө тоо тек катмарларынын ырааттуулугун изилдейт ж-а анын жашын аныктайт; палеогеография геол. маалыматтардын негизинде өткөн геол. мезгилдердин физ.-ге-огр. шарттарын изилдейт. Жер тарыхынын эц соңку мезгили — антропо-генде пайда болгон тоо тектерди, геол. процесстерди төртүнчүлүк Г. изилдейт. Г-нып эл чарба керектөөсүнө түздөн түз байланыштуу тармагына (колдонмо Г.) булар кирет: кен байлыктар ж-дөгү илим; гидрология (жер астындагы суулар тууралуу илим); ар түрлүү ири курулуштар м-н имараттарды тургузууга байланыштуу кыртыштын физ.-мех. касиеттерин текшерүүчү инженердик Г.; геол. маалыматтарды аскер ишине пайдалануу маселелерин изилдөөчү аскердик Г.Г. илимдеринин системасында жер бетинин ири аймактарынын геол. картасын түзүп, аларга жалпы баа берүү максатында жүргүзүлгөн ай-мактык Г. м-н океан-деңиз түптөрү-нөн кен байлыктарды издөө ж-а изилдөөгө арналган деңиз Г-сы да орчундуу 0РУН ээлейт. Булардан башка да геол. илимдердин көп тармактары бар. Мис, чөкмө тоо тектердин составын, түзүлүшүн литология, магма тоо тектерин петрология, тоо тектердин пайда болгондон кийинки өзгөрүүлөрүн метаморфизм изилдейт. Айга барып конгон автоматтык станциялар м-н космо-навттар изилдөө жүргүзө баштагандан бери Г-нын жаңы тармагы ай Г-сы (селенология) пайда болду. Жер бетине чыгып жаткан кен байлыктардын азайышына байланыштуу тереңдикте (1000 м ден төмөн) кен издөө ж-а өздөштүрүү — Г-нын азыркы учурдагы негизги милдеттеринин бири. Бул ил. негизде геол. болжолдоо аркылуу ишке ашат. Г-нын мындан башка маанилүү милдеттери: Жердин терең катмарларын ж-а анын жог. мантиясын геофиз. методдор ж-а өтө терең бургулоо көзөнөктөрү (сква-жиналары) аркылуу изилдөө; Жер шарынын 71%ин ээлеген океан-деңиз түптөрүнөн кен издөө максатында ар түрдүү геол. изилдөөлөр жүргүзүү; Жер астындагы жылуулук энергиясын (жанар тоолуу аймактарда жер астынан чыгып жаткан ысык суу м-н бууну электр энергиясына айландырып, теплицаларды, имараттарды жылытуу ж. б.) колдонуу маселелерине байланыштуу геол. изилдөөлөрдү күчөтүү; жердин өнүгүп-өрчүш теорияларын ил. түрдө чечүү; илим м-н техниканын азыркы учурдагы жетишкендиктерин пайдаланып, геол. методдорду өрчүтүү ж-а алардын жаңыларын табуу. Космостук изилдөө-лөрдөтү жетишкендиктерге байланыштуу Жер ж. б. планеталарды салыштырып изилдөө да Г-нын негизги проблемаларынан. Г-нын башаты деп. эсептелип жүргөн айрым байкоолор байыркы замандан эле башталган. Байыркы грек ж-а рим илимпоздору (Пифагор, Аристотель, Плиний, Геродот, Стра-бон ж. б.) жер титирөө, жанар тоолордун атылышы ж-а дарыя нукта-рынын өзгөрүү процесстерин байкашып, алардын пайда болупгун түшүндүрүүгө аракет кылышкан. Бирок Г. илим катары туңгуч ирет о. кылымда чыгыш окумуштуулары Фараби, Бируни ж-а ибн Синанын эмгектеринде калыптана баштайт. Алар айрым минералдарга, асыл ж-а кооз таш-геология музейи бар. Ил. геол. эмгектери «Труды Управления геологии Киргизской ССР» аттуу журналда (1960-жылдан) жарыяланат.

Ад.:  Осмонбётов К., Аеанали-е в Ү., Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн минералдык-сырьёлук базасы, «Коммунист», 1974, № 7.

от 2020