формация (лат. iormatio — түзүлүш) — жер картышындагы белгилүү бир чөйрөдө тектоникалык ж-а климаттык шарттар м-н тыгыз байланышта пайда болгон тоо тектердин, кен байлыктардын, түрлүү минералдык түзүлүштөрдүн табигаттагы жыйындысы (тобу). «Формация» деген терминди геологияга 1761-ж. немец окумуштуусу Г. Х. Фюксель киргизген. Ал фор-мацияга жер кыртышындагы белгилүү бир доордо бирдей шартта, бирине бири удаалаш пайда болгон ж-а өз ара тыгыз байланыштагы тоо тек катмарларынын комплекси деген аныктама берген. Кийин француз Г. С Доломье, немец А. Гумбольдт ж. б. формаңияны жерг. стратиграфиялык шкаланын бөлүнүшү (свита, серия ж. б.) катары пайдаланышкан. Эл аралык геол. конгресстин 2-сессиясында (1881) аны стратиграфиялык терминологиядан ж-а номенклатура-дан чыгарылсын деген чечим кабыл алынган. «Формация» термини ошондон кийин теги б-ча бирдей, бирок жашы ар түрлүү тоо тектер комплексин колдонула баштаган. Бирок кээ бир чет өлкөлөрдө азыр да анын абалкы аныктамасы сакталып келе жатат. Г. ф. чөкмө тоо тек, жанар тоо, петрография ж-а руда формацияларына бириктирилет. Чөкмө тоо тек формациями геосинклиналдык, платформа-лык ж-а алардын аралыгындагы — арабөк болуп үч топко бөлүнөт. Формациялардын геосинклиналдык тобу негизинен тектоникалык ири кыймылдар болуучу аймактарда жыйылат. Аларга чопо-сланецтүү, кремний-жанар тоо тектүү, карбонат-туу, флшптүү, моластуу ж. б. форма-ңиялар кирет. Мында темир м-н мар-ганецтин чөкмө кендери, гематит м-н сидериттен турган темир рудалары, темирлүү кварпиттер, нефть, боксит, көмүр, туз, фосфорит ж. б. кендер кездешет. Формациялардын п л а т-формалык тобу тектоникалык кыймылдар бир аз жайыраак өтүп туруучу аймактарда жыйылат. Плат-формалык топко көмүр-боксит-темир-лүү, кварц-кумдуу, аки таш теги ж. б. формациялар кирет. Темир, көмүр, күрөң көмүр, отко чыдамдуу чопо, стронций м-н фтор кендери платфор-малык формациялар м-н байланыштуу. Формациялардын а р а б өк тобунда геосинклиналдык ж-а платфор-малык формациялардын белгилери бирдей. Арабөк формациясыныи тоо тектериндө СССРдеги ж-а чет өлкө- лөрдөгү ири көмүр бассейндери м-н нефтилүү аймактар, оолит-шамозит-сидериттүү темир рудалары, жездүү кумдук, уран кендери кездешет. Жанар тоо атылууларынын борб. бөлүгүнөн чыккан бирдей тоо тектер (инт-рузиялар, лавалар ж. б.) жанар тоо формациясы деп аталат. Буга граниттик, диабаздык, диабаз-спилит-кератофирдик, габбро-перидотиттик, базалытык формациялар кирет. Маг-манын муздашынан келип чыккан бардык тоо тектердин жыйындысы — петрографиялык формация. Буга магмалык тоо тектер ж-а магма-нын жанаша жаткан тоо тектерге жасаган таасиринен (ассимиляция) пайда болгон заттар, пегматит тарамдары, руда кендери кирет. Тянь-Шань тоолорунун асыресе Кырг-ндын геология-сын изилдөөдө формациялык анализ-ди алгачкы ирет В. И. Попов (1938), В. А. Николаев (1944), А. В. Пейве (1948) ж. б. колдонгон. Кийинки кезде Ш. М. Адышев, К. Е. Калмурзаев, Ү. Асаналиев, К. Сагындыков ж. б. окумуштуулардын ил. изилдөөлөрү Тянь-Шанда Г. ф-ны бөлүүдө жакшы натыйжалар берди. Кембрийге чейинки тоо тектерде ■— жетим жанар тоо терриген; кембрий ж-а ордовик тоо тектеринде — көмуртек-кремнийлуу сланецтер; девондун тоо тектеринде— полимегалл-корбанаттар, кызыл тустуу чөкмөлөр ж. б. формациялар бар экени аныкталып, алар м-н түрдүү кен байлыктардын байланыштары ачылды. Азыркы учурда жер кыртышынын геол. түзүлүштөрүн ж-а анын өнүгүп-ө өрчүш үн изилдөөдө, кен байлыктардын жайгашуу закон ченемин аныктоодо формация тууралуу илимдин мааниси зор.

Ад.:   Ш а т с к и й Н. С, Избранные тру-зы, т. З, М., 1965; Геологические формации. Материалы к совещанию (21—24 мая 1968), в. 1, Д., 1968; Страхов Н. М., Развитие литогенетических идей в России и СССР, М., 1971; Воронин Ю. А., Е г а н о в Э. А., Фации и формации. Парагенезис, «Тр. ин-та геологии и геофи-ааки АН СССР», в. 146, Новосиб., 1972.

от 2020