(лат. fades — кебете, өң, түспөл) — 1) кандайдыр бир аймактан чегинде бир мезгилде пайда болуп, белгилүү жаныбарлардын ж-а өсүмдүктөрдүн калдыктары м-н айырмаланган чөкмө тоо тектердин бирдей составдагы комплекси (мис, чопо фациясы ж. б.); 2) физ.-геогр. чөйрө ж-а анда пайда болгон тоо тектер же алардын комплекси (мис, деңиздеги аки таш тек фациясы, дарыядагы чопо фациясы). Г. ф. тоо тектердин петрографиялык, минералдык составын, текстурасын, жайгашуу формасын ж-а алардын арасындагы ташка айланган байыркы организмдердин калдыктарын изилдөө негизинде бөлүнөт. Геол. илимде чөкмө тоо тектердин пайда болушунун физ.-геогр. шарттарын, жайгашуу ж-а азгөрүү закон ченемин изилдөөчү тармак фация ж-дөгүокуу деп, ал эми чөкмө тоо тектер пайда болгон байыркы ж-а азыркы физ.-геогр. шарттарды түрдүү жолдор м-н аныктоо фациялык анализ деп аталат. Алгачкы мезгилде термин чөкмө тоо тектерге карата айтылса, кийинчерээк ал геологиянын петрология (магмалык ж-а эффузиялык фация), геохимия (кычкылдануу фациясы) ж-а метаморфизм (гранулит фациясы) сыяктуу тармактарында кеңири пайдаланылат. Фация түшүнүгү ботан. ж-а геогр. илимдеринде да колдонулат. Ар түрдүү Г. ф. м-н эл чарбалык чоң мааниси бар кендер байланыштуу. Мис, лагуна фациялары м-н туз ж-а гипс кендери, дарыя өрөөндөрүн- дө ж-а куймаларында пайда болгон фациялар м-н көмүр, нефть, жез, алтын кендери, көл ж-а деңиздердин тайыз жээктеринде пайда болгон аки таш тек-доломит фациялары м-н коргошун ж-а цинк кендери байланыштуу.

Ад.:   Н а л и в к и н Д. В., Учение о фациях, т. 1—2, М.—Л., 1955—56; Крашенинников Г. Ф., Учение о фациях, М., 1971.

 

от 2020