—изилдөө, карталар түзүү, кен байлыктарды издөө ж-а чалгындоо сыяктуу ар түрдүү геол. жумуштар жүргүзүүчү мекемелер м-н уюмдар. Россияда мамл. кен издөө ж-а чалгындоо б-ча туңгуч мекеме (руда казуу иштеринин приказы) 1700-Ж. Петр I тарабынан уюшулган. 1882-ж. түзүлгөн Геол. комитет (Геолком) негизги мамл. геол. мекемелердин бири болуп калган. Окт. рев-ясынан кийин гана Г. к. кеңири кулач жайып, геол. жалпы иштерди, мамл. геол. контролдун ж-а геол. илимдердин теориялык негиздерин иштеп чыгуу маселелери жолго коюлган. 1919-ж. СССРде ө. ж-лык чалгындоонун борб. башкармасы (ЦУПР) түзүлүп, 1922-ж. ал Геолком м-н бириктирилген. Кийин ал бир нече жолу башка мекеме болуп өзгөртүлүп, 1946-ж. СССРдин геология мин-восу болуп түзүлгөн. Ага СССРде жүргүзүлүүчү геологиялык съёмка, кеп байлыктарды издөө ж-а чалгындоо жумуштарынын бардыгы топ-тоштурулган. Мин-вонун системасына РСФСР, УССР, Өзбек ССР ж-а Казак ССР геол. мин-волору, о. эле респ-ка-лык, крайлык, аймактык геол. башкармалар, тармактык тресттер ж-а ири ил. из. ин-ттар кирет. Ири геол. башкармалардын алдында аймактык чалгындоо м-н турактуу экспедиция-лар түзүлгөн. Ошону м-н бирге, Г. к-тын ил. из. жумуштарын СССР ИА-нын ж-а союздук респ-калар ИАла-рынын системасындагы ин-ттар, ла-бор-ялар, жог. окуу жайлар (тоо-кен ин-ту, тоо-кен ж-а геол. чалгындоо ф-теттери ж. б.) аткарат. Кырг-ндагы Г. к-ты Кыргыз ССР геология башкармасы ж-а анын карамагындагы аймактык экспедициялар, Кыргыз ССР ИАнын Эмгек Кызыл Туу ордендүү геология институту ж-а долборлоо ин-ттарыньга геол. изилдоө бөлүмдөрү, рудниктер м-н тоо-кен комби-наттарынын геол. изилдөө бюролору жүзөгө ашырат. СССРде Г. к-тын өнүгүшү ж-а аларды жүргүзүү иштери мамл. пландар м-н координадия-ланат. Г. к. чет өлкөлөрдө да бар. Мис, Улуу Британияда 1835-жылдан, Австрияда 1849-жылдан, Францияда 1855-жылдан курала баштаган.

от 2020