ГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР

— жер бетиндеги белгилүү бир аймактын геол. түзүлүшү чагылдырылып, кагазга түшүрүлүшү. Г. к. геологиялык съёмканын ж-а геол. изилдөөлөрдүн натыйжасында түзүлөт. Египеттеги 19-династиянын фараону Сети I (б. з. ч. 1313—1292-жылдар) түзгөн Дэре-хид алтын кенинин топография-геол. картасы геологиядагы туңгуч карта деп эсептелет, бирок алгачкы анык Г. к. 18-к-дын аягында, бардык байкоолорду ж-а тоо тектердин жайгашуусун геогр. картага же жердин планына түшүрүү жолдору иштелип чыкканда пайда болгон. Г. к-да түрдүү шарттуу белгилер (түстүү боек, сызыкча, тамга, сан ж. б.) м-н тоо тектердин жайгашуусу, таралышы, түрлөрү, составы, жашы, кен байлыктар ж. б. көрсөтүлөт. Г. к-дын жанына геологиялык кесилиш, 2-сүрөт. Эңкейиш жаткан тоо тек ка-баттарынын (а) геол. картага түшүрүлүшү (б). стратиграфиялык колонка, шарттуу белгилер ж-а аларды түпгүндүрүүчү сөздөр берилет. Г. к. мазмунуна карай накта Г. к. ж-а антропоген (төр-түнчүлүк) чөнмөлөрүнүн, тектоникалык, литологиялык, палеогеография-лык, гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык карталар, о. эле пайдалуу кендердин, кендерди прогноздоо-чу ж-а геохим. карталар деп, ал эми масштабы б-ча кичине масштабдуу (1:1000 000, 1:500 000), ири масштабдуу (1:50 000, 1:25 000) ж-а дыкаттуу (детальный) (1:10 000, 1:5000, 1:2000) карталар деп бөлүнөт. Г. к. б-ча жер кыртышынын түзүлүшү, өнүгүп-өөр-чүшү, андагы пайдалуу кендердин та-ралуу закон ченеми ж-дө маалыматтар алынат, ал маалыматтар геол. из- 3-сүрөт. а. Бүктөлүү структурасын көрсөтүүчү геологиялык карта: 1 — эң кийин пайда болгон тоо тек кабаттары (син-клиналдык борбору), 2— эң байыркы тоо тек кабаттары (антиклина л дык борбору); б. АВ сызыгы б-ча берилген геол. кесилип™. дөө-чалгындоо жумуштарын долбор-лоого, калкты суу м-н камсыз кылууга, инженердик геология, ж-а мелиорация б-ча изилдөө ж-а курулуш иштерин жүргүзүүгө негиз болуп берет, к. Геология, Геологиялык съёмка.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *