ГЕОЛОГИЯЛЫК ЗАМАН

геологиялык эра — Жер ж-а андагы орг. дүйнөнүн есүп-өөрчуү тарыхын-дагы узак мезгилге туура келген эң чоң убакыт бирдиги. Г. з-да пайда болгон тоо тек катмарлары геологиялык топту түзөт ж-а экөө тең бирдей ат м-н аталат (мис, палеозой заманы — палеозой тобу). Г. з. геологиялык мезгилдерге бөлүнүп, бир нече Г. з. геологиялык эонго биригет. Узактыгы жүздөгөн миллион жылдарга чейин созулат. Жер пайда болгондон берки геол. убакыт архей, протерозой, палеозой, мезозой ж-а кайнозой замандарына бөлүнөт.

ГЕОЛОГИЯЛЫК ЖЫЛ ЭСЕБИ, к. Геохронология

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *