ГЕОДЕЗИЯ

от2020

Ноя 28, 2020

(гео… ж-а гр. daio —бөлөмүн, бөлүштүрөм, б. а. geodaisia — жер бөлүштүрүү) — Жер кебетесин (фигурасын), өлчөмүн, гравитация талаасын аныктоо ж-а анын бетин картага түшүрүү, о. эле түрдүү ил. ж-а практикалык маселелерге байланыштуу жер бетиндеги ченөө жумуштарын жүргүзүү жолдорун изилдөөчү илим. Г-нын маселелерин чечүүдө астр-ялык ж-а гравиметриялык анык-тоолорду пайдалануучу анын бөлүктөрү астр-ялык Г. ж-а гравиметриялык Г. деп аталат. Г. жог. геодезия ж-а геодезия (жөнөкөй Г.) болуп бөлүнөт. Алар өз алдынча бир нече тармактан турат. Жогорку Г. негизинен Жер өлчөмүн, кебетесин ж-а анын гравитаңиялык талаасын аныктап, аларды чечүү теориялары м-н жолдорун изилдейт. Андан башка геод. тирек пункттардын торун куруу ж-а алардын методдорун иштеп чыгуу — жог. Г-нын милдети. Г е о д е-зияда (жөнөкөй Г.) пландарды ж-а карталарды түзүү үчүн жер бетинде ченөө жүргүзүүнүн методикасы ж-а техникасы каралат. Бул жумуштардын жыйындысы — топогр. съемка, ага байланыштуу Г-нын бөлүгү топография деп аталат. Топогр. съемкалар түздөн түз жер бетинде ченөө ж-а учуучу аппараттардын жардамы м-н жер бетинин аймактарын сүрөткө тартуу (к. Аэрофотосъемка) аркылуу жүргүзүлөт. Натыйжада жер бетиндеги аймактардын топографиялык карталары түзүлөт. Гидротех., ө. ж-лык ж. б. ири курулуштарды долбоорлоо, куруу ж-а аларды пайдаланууда колдонулуучу геод. жумуштардын методдорун Г-нын бир тармагы инженердик Г. иштеп чыгат. Г. байыркы заманда эле чарбачылыкта жер ченөө, план ж-а карта түзүү муктаждыгынан келип чыккан. Б. з. ч. 7-к-да Вавилония м-н Асси-рияда чопо такталарга сызылган геогр. карталар жасалган. Б. з. ч. 6—4-к-да Жер шар түрүндө экендиги ж-дө божомолдор айтылган. Б. з. ч. 3-к-да Египетте грек окумуштуусу Эратос-фен градустук өлчөөлөрдүн жардамы м-н Жер шарынын радиусун 1-жолу аныктаган. Азыркы Г. ж-а анын талаптарына өтө жакындашкан геод. жумуштар 17-к-дан өнүгө баштаган. Бул мезгилде дүрбү ж-а триангуляция методу Г-нын өнүгүшүнө көмөк берген. 17-к-да И. Ньютон бүткүл дүйн. тартылуу законун ачкан ж-а Жер шар түрүндө эмес, айлануу огу-нун багытында жалпайган сфероид же эллипсоид түрүндө экенин далилдеген. Россияда Г. жумуштары 11-к-да башталган. 1701-ж. Москвада Россиядагы алгачкы астр-ялык обсерва-торияны ж-а математиктер, агрономдор м-н географтарды даярдоочу ма-тем. ж-а навигациялык илимдердин мектеби уюштурулган. Россиядагы алгачкы топогр. съемкалар 17-к-дын аягы — 18-к-дын башталышында жүргүзүлгөн. СССРде Г. ж-а геод. жумуштар Улуу Окт. соң. рев-ясынан кийин гана кеңири өнүгө баштады. Өлкөбүздөгү мамл. геод. кызматтын борбору — Жогорку геод. башкарма 1919-ж. уюштурулган, кийин ал СССР Мин. Советине караштуу Геодезия ж-а картография б-ча башкы башкармасы болуп кайра түзүлгөн. Азыр СССРдин бардык аймагын камтыган 1:100 000 масштабдагы топогр. карта түзүлгөн. Г. иштеринин жаңы методдору иштелип чыкты. Кийинки жылдарда аралыкты өлчөөнүн электрондук-оптикалык ж-а радиотех. методдору колдонула баштады. Геод. аспаптардын көптөгөн түрлөрү ойлонуп чыгарылды. Г-нын өнүгүшүндө сов. геодезист Ф. Н. Красовский ж. б-лар-дын эмгектери чоң мааниге ээ. Г-нын маалыматтары геология, геофизика ж. б. илимдерде ж-а эл чарбада кеңири колдонулат.

Ад.:   Вировец А. М., Высшая геодезия, ч. 1, М., 1970; Гиршберг М. А., Геодезия, ч. 1, М., 1967; Закатов П. С, Курс высшей геодезии, 3 изд., М., 1964; Б и р у н и, Геодезия, Избр. произв., т. З, Таш., 1966; Справочник геодезиста, под ред. В. Д. Большакова и Г. П. Левчука, М., 1966.

от 2020