— табияттын адам коомун курчап турган бөлүгү, б. а. адамдар өз мүдөөсүнө жараша өзгөртүп, койнунда күн өткөргөн жер. Г. ч-нүн төрт белгиси бар: 1) Г. ч. — коомду курчап турган жердеги чөйрө; адамзат Жерден сыртка чык- са да, Г. ч-ну өзү м-н кошо алып кете албайт. 2) Г. ч.— адам коомунун табигый кабыгы, б. а. адамдын эркинен тышкары пайда болуп, өз алдынча закон ченемдер м-н өнүгүп келаткан табигый шарттардын комплекси (буга адам колунан жаралган шаар-кыштак, завод, электр станция ж. б. кирбейт). 3) Г. ч.—табият м-н коом бири бирине тикеден тике таасир эткен гана чөйрө (бу чөйрөдөн тышта калган аймактар Г. ч-гө кирбейт). 4) Г. ч. — адам коому өз мүдөөсүнө жараша улам жаңыдан өздөштүрүп ж-а кеңейтип отурган мейкиндер (та-бияттагы жаңы бөлүктөр ж-а тараптар). Алгачкы коомдук эмгектин мал чарбачылык м-н дыйканчылыкка бөлүнүшү Г. ч. м-н байланыштуу. Эгер ыңгайлуу Г. ч. өндүрүштүн өнүгүшүнө түрткү болсо, ыңгайсызы ага тоскоол кылат. Социологиядагы геогр. багыттын өкүлдөрү (Ш. Л. Монтескье, Г. Бокль, Л. И. Мечников ж. б.) адамзат коомунун өнүгүшү Г. ч-гө багынычтуу деп карашкан. Бул багыт коомдун өнүгүшүн кудай аныктайт деген диний көз карашка каршы күрөштө прогрессчил роль ойногон. Бирок геогр. багыт өөрчүткөн идеалисттик көз караштардын калпыс жактары империализм доорунда реакциячыл геополитика теориясы-нын келип чыгышына себепкер болгон. Тарыхый материализм коомдун өнүгүшүндө Г. ч. чечүүчү мааниге ээ болбой турганын, жердин табигый шартына караганда коомдук өндүрүш ыкчам өзгөрөрүн баса көрсөтөт. Мис, соңку 50 жылда кыргыз жергесинин табигый шартында өтө чоң өзгөрүү болгон жок, ал эми коомдук өнүгүш жагынан кыргыз эли аябай илгерилеп, феод.-патриархалдык түзүлүштөн социализмге өттү. Г. ч. — коомду өнүктүрүүнүн туруктуу ж-а зарыл шарттарынын бири. Ал коомдун өнүгүшүн кашаңдатып же ылдамдайт коюшу мүмкүн, бирок коомдук прогресстин чечүүчү фактору боло албайт. Коомдук өнүгүүнүн негизги кыймылдаткыч күчү — өндүрүш каражатын өндүрүү.

от 2020