— 15-к-дын ортосунан 17-к-дын жарымына чейин европ. саякатчылар жасаган геогр. ири ачылыштарды белгилөө үчүн ад-ттарда (көбүнчө тарых ад-ттарында) шарттуу кабыл алынган термин. Европа өлкөлөрүндө товар өндүрүшүнүн өсүшү, алтын, күмүш ж. б. кымбат металлдардын жетишсиздиги, жаңы жерлерди ж-а Азия мамлекеттери м-н түз соода жолдорун табуу муктаяедыгы геогр. экспедицняларды жөнөтүүгө себеп болуп, океандарда жүрүүгө ылайыктуу жел кемелердин (каравеллалар- талардын өркүндөтүлүп^,» Жер шар түрүндө деген пикирдин улам көбүрөөк ырасталыпш ж. б-лар Г. у. а-га чоң түрткү болгон. Г. у. а. эки мезгилге бөлүнөт. Алардын биринчи жүз жылдыгында португалиялыктар (Д. Кан, Б. Ди-аш ж. б.) Африканын батыш ж-а түш. жээктерин изилдешкен. 1492— 94-ж. Х. Колумб—Багам, Чоң ж-а Кичи Антиль а-дарын; Ваоко да Гама 1497—98-ж. Индияга баруучу суу жолун ачкан; Колумб, А. Охеда, А. Вес-луччи ж. б. испаниялык, португалия-лык деңиз саякатчылары 1489— 1502-ж. Түш Американын түн. жээктерин, Борб. Американын Кариб де-ңизи жак бойлорун табышкан. 1513— 25-ж. испандар Тынч океанга чыгып, Түш. Американын Атлантика бойлорун изилдешкен. 1519—22-ж. Ф. Магеллан шериктери м-н Жер шарын 1-жолу айланып чыккан. 1526—52-ж. испандар Түш. Американын Тынч океан бойлорун, фрашшялыктар Түн. Американын чыгыш жээктерин ачышкан. / Г. у. а-дын экинчи жүз жылдыгында орус жер кезүүчүлерү [Ермактын Батыш Сибирге жортуу-лунан (1581—84) кийин] Енисей, Лена д-ларынын алабын ачып, Түн. Азия аркылуу Охота деңизине (И. Мо-сквитин) жетишкен. 17-к-дын ортосуна чейин орус деңиз саякатчылары Ямал, Таймыр, Чукотка ж. а-дарын ачкан соң, Түндүк Муз океаны аркылуу Тынч океанга өтүшүп, Азиянын Америкага байланышпаган кургак-тык экенин далилдешкен. Голландия-лык деңиз саякатчы В. Баренң 1594-ж. Жаңы Жердин батыш жээктерин түн. тумшуктарына чейин, 1596-ж. Шпицберген а-н кыдырып чыккан. Г. у. а-дын бул мезгилинде англичандар, француздар, голландия-лыктар ж. б-лар да кыйла жаңы жерлерди ачышкан. Г. у. а. бүткүл дүйн. тарыхый маанилүү окуя болгон. Алардын натыйжасында адам жашаган кургактык-тардын (Американын түн.-батыш, Австралиянын чыгыш жээктеринен башка) контурлары аныкталып, жер бетинин көпчүлүгү изилденген. Г. у. а. социалдык-экон. жактан да чоң мааниге ээ болгон. Ал сооданын Дүйн. масштабда жүргүзүлүшү^ Батыш Европа өлкөлөрүндө капит. мамилелердин пайда болушун шарттаган. Г. у. а-дан кийин түзүлгөн колон, система капиталдын алгачкы топтолушуна өбөлгө түзгөн.

Ад.:   П е ш е л ь О., История эпохи открытий (пер, о нем.), 2 изд., М., 1884; М а г и д о в и ч И. П., Очерки по истории географических открытий, 3 изд., М., 1967.

от 2020