— Жердин тарыхый өөрчүшүнүн негизинде табияттын айрым компоненттеринин бири бири м-н өз ара шарт-тануусун ж-а байланышын камтыган бирдиктүү аймак. Жерди сырткы түрүнө жараша ландшафттарга бөлүштүрүү (мис, «эрозиялык ландшафт», «дөбөлүү ландшафт») 19-к-дан башталган. Г. л-тын 1-илимий аныктамасы Л. С. Бергге тиешелүү (1913). Ал Г. л-ты геогр. изилдөөнүн негизги объектиси, жер бетинин түзүлүшү, климат, топурак, өсүмдүктөр ж. б. сыяктуу кубулуштардын гармошшлык айкалышып көрсөтүүчү өзүнчө табигый чеги бар геогр. бирдик катары эсептеген. Л. С. Бергден кийин бул түшүнүктү 20-к-дын 30—40-жылдары Л. Г. Раменский, А. А. Григорьев, С. В. Калесник, Н. А. Солнцев, В. Б. Сочава я?, б. өөрчүткөн. Алардын ою б-ча, Г. л.—жаратылышы ж-а өнүгүү тарыхы жагынан бир өңчөй конкреттүү аймак. Ал аймак бир геол. негизге, жер бетинин бир типтүү-лүгүнө, окшош климатка ж. б. өзгөчөлүктөргө ээ. Бул өзгөчөлүктөрдү!! жыйындысы фаңия ж-а урочище деп аталат. Г. л. өзүнчө физ. геогр. процесстердин ритмдүүлүгүнө ээ. Ритмдүүлук суткалык өзгөрүүдөн, жыл мезгилде-ринин айланыш-которулушунан, ондогон ж-а жүздөгөн жылдардын кай-таланышынан куралат. Г. л. тышкы чөйрөнүн таасири ж-а ички карама каршылыктардын натыйжасында өнүгөт. Тышкы факторлорго күн радиа-циясы ж-а анын таасири м-н пайда болуучу атм-ралык алмашуулар, тектоникалык кыймылдар, адам баласынын жаратылышты өзгөртүшү ж. б. кирет. Г. л-тын ички карама-карщы-лыктары анын компоненттеринин өз ара аракетинен келип чыгат. Алсак, дарыялардын тектерди я«ууп, эрозиялык аккумуляцияны пайда кылышы, көлдөрдүн саздарга айланышы ж. б. Г. л-тын өнүгүшү уч башка: 1) реликт үү (сакталып калган байыркы тирүү заттар); 2) учурдагы ландшафт; 3) жаралуучу ландшафт. Ланд-шафттардын пайда болушун, өнүгүшүн ж-а геогр. таралыш закон ченемин изилдеген физ. географиянын тармагы ландшафт таануу деп аталат. Жаратылыштын бир компо-нентине адам баласы таасир эткенде калгандары кандай өзгөрө тургандыгын Г. л-ты изилдөө аркылуу билүүгө болот.

Ад.:   Исаченко А. Г., Основы ланд-шафтоведения и физико-географического районирования, М., 1965.

от 2020