— геогр. жаңы объектини же геогр. закон ченемди табуу. Географиянын өсүп-өнүгүшү үчүн Г. а. чоң роль ойногон. Өткөн социалдык-экон. форма-циялардын мезгилинде Г. а-дын ролу бирдей болгон эмес ж-а мазмуну да өзгөрүп турган. Географиянын өнүгүшүнүн алгачкы убакыттарында геогр. табылгалар көбүнчө табияттын жаңы объектилерин ачууга байланыштуу болгон. Географиянын илим катары өсүшү м-н терр-ялык ачы-лыгптарга караганда геогр. закон ченемди аныктоого, геогр. кубулуштардын маңызын ж-а алардын бир бирине болгон байланыштарын терең билүүгө түрткү берүүчү табылгалар өзгөчө мааниге ээ болууда. Г. а. коомдун өнүгүшүнө тыгыз байланыштуу. Алгачкы геогр. түшүнүктөр ж-а жерг. Г. а. адам коомунун жаралышынан тартып башталган. Биринчи элементардык жерг. геогр. табылгалар алгачкы адамдардын жашаган чөйрөсү-нөн же коңшу жерлерден алыс кеткен эмес. Коомдун, мад-ттын өсүшү м-н геогр. көз караштар кеңейип, байыркы элдерде калк жашаган дүйнө, андан соң Жердин шар формасында экендиги ж-дөгү биринчи ил. түшүнүктөр пайда боло баштаган (мис, байыркы гректердин «ойкуменасы»). Кул ээлик ж-а феод. коомдун мезгил-деринде, өзгөчө өндүрүүнүн капит. жолуна өтүүгө байланыштуу элдердин ортосундагы катнаштар күчөп, геогр. түшүнүктөр кескин кеңөет. Кургактагы ж-а деңиздеги саякаттар-дын негизинде бүт Жер ж-дө ил. түшүнүктөр түзүлөт, экспедициялар тапкан жаңы жерлердин орду аныкталып, дүйн. картага түшүрүлөт. Капит. коомдогу терр-ялык ачылыштар жаңы жерлерди басып алууга, коло- ниячыл өлкөлөрдүн зрегашине ж-а колониялык империялардын түзүлүшүнө байланыштуу. Соң. коомдун шартында аймактык изилдөөлөр мамл. масштабда пландуу түрдө ж-а элдин кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлгөндүктөн Г. а. табигый байлыктарды толук ж-а кеңири пайдаланууга, жаңы райондорду коомдун өндүрүштүк чөйрөсүнө тартууга жардам берет. Акыркы мезгилде жаңы техниканын (авиация, космостук учуучу аппараттар, жүрүүчү ар кандай машиналар ж. б.), татаал ил. при-борлордун (фототеодолит, эхолот, сейсмограф ж. б.) кеңири колдонулушу жер бетинин түзүлүшүн, асыресе муздуу материк — Антарктиданын табиятын ар тараптан терең үйрөнүүгө, океандарда кеңири абиссаль өрөөндөрдү, терең чуңкурдуктарды, суу астындагы ортолук кырка тоолорду ж. б. табууга, ондогон, жүздөгөн жаңы оро-гидрографиялык объектилерди картага түшүрүүгө мүмкүндүк берди. Геогр. илимдерге таандык болгон закон ченемдерди ачыш алардын ар биринин изилдөө объектилерине, өзгөчөлүгүнө, өсүш деңгээлине байланыштуу, к. География. Географияныи тарыхындагы етө маанилүү территориялык ачуулар (кашаанын ичинде экспедиция уюштурган өлкө ж-а анын жетекчиси же катышуучулар). Б. з. ч. 6-к. Карфагенден Жер Ортолук деңиз, Батыш Африканы бойлоп, Атлантика океаны б-ча (Карфаген, Ганнон) саякат. Б. з. ч. 4-п. Массалиядан Гибралтар кысыгы аркылуу Түн. Атлантикага саякат (Греция, Пифей). Б. з. ч. 330—325. Иран бөксө тоолору аркылуу О. Азияга ж-а Индияга жортуул (Македония, Александр). Б. з. ч. 138—126. Кытайдан Тарим д-сы-нын алабына ж-а О. Азияга саякат (Кытай, Чжан Цянь). 10-к. Нормандардьш Гренландия ж-а Түн. Америкага саякаттары (Норвегия, Бьяр-ни Херюльфсон ж. б.). 1271—95. Жер Ортолук деңиз, Кавказ, Памир аркылуу Чыгыш Кытайга саякат (Италия, Марко Поло). 1325—52. Батыш, Түн. ж-а Чыгыш Африка, Аравия, Волга бою, О. Азия, Индия ж-а Кытайга саякат (Марокко, Ибн-Баттута). 1492—1503. Атлантика океанынан өтүп, Вест-Индия а-дарын, Борб. Американы (Америка материгин) ачуу (Испания, Х. Колумб). 1497—98. Африканы айланып, Европадан Индияга океан аркылуу 1-жолу жетү^ (Португалия, Васко да Гама). 1498—1502. Түш. Америкага саякат (Испания, Португалия; Америго Веспуччи). 1519—22. Жер шарын 1-айланып чыгуу деңиз саякаты (Испания; Ф. Магеллан, С. Элькано). 1733—43. II Камчаткалык (Улуу Түндүк) экспедиция. Бир нече ири (академиялык ж-а деңиздин) отряддардан тургай (Россия). Академиялык отряддар Түш., Батыш ж-а Чыгыш Сибирди (Г. Миллер, И. Гимелин), Камчатканы (1737—» 41-ж., С. Крашенинников) изилдешкен; деңиздик отряддар Евразия материги-нин түн. жээктерин ж-а аларга шакый райондорду (Архангельскиден Колыма д-нын чатына чейин), Анадырь д-нын алабын изилдеп, картага түшүрүшкөн (1734—42-ж., С. Малыгин, Д. Овцын, C. Челюскин ж. б.); 1741-ж., Түн. Американын түн.-батыш жээктерин ж-а Тынч океандын түндүгүндө^ бир катар аралдарды ачуу (В, Беринг, А. Чириков). 74рууга; в) картага нерселердин сырткы көрүнүшүн тартуу м-н гана чектелбей, алардын ички мазмунун да баяндоого; г) көрүнүп-туюлбаган кубулуштарды да (мис, жер астындагы суулардын же кендердин жайгашышы, магниттик күчтөрдүн багыты ж. б.) так сүрөттөп көрсөтүүгө; д) айрым объектилерге мүнөздүү майда, анча маанилүү эмес көрүнүштөрдү таштап, картага көбүнчө олуттуу, жалпы түрдөгү кубулуштарды түшүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ү ч үн чү, негизги өзгөчөлү-г ү картага түшүрүлүүчү материалдарды тандоо ж-а жалпылоо, б. а. картографиялык генерализация жасоо. Табигый ресурстарды туура пайдаланууда, өндүргүч күчтөрдү рационалдуу жайгаштырууда, түрдүү долбоорлорду ишке ашырууда, өткөн же азыркы табигый же коомдук окуяларды, кубулуштарды талдоодо, алардын закон ченемин табууда атайын ж-а так карталардын жардамы чоң. Г. к. Hi а л п ы географиялык ж-а тематикалык болуп бөлүнөт. Тематикалык карталарда (мис, геол., климаттык) айрым элементтер гана толук көрсөтүп, жалпы геогр. картага кирүүчү калган элементтер көрсөтүлбөйт. Алар өзүнчө экиге бөлүнөт: а) табигый кубулуштардын (физ.-ге-огр.) карталары; б) коомдук кубулуштардын (социалдык-экон.) карталары; Булардын ичинен атайын к а р-т а л а р д ы (мис, дециз жолдорунун, туристтик, долбоорлоо, учкучтар картасы ж. б.) ажыратуу керек. Аймак-тык белгиси жагынан Г. к. — дүйн., материктик, мамл., океандык, деңиздин карталар ж. б. болуп бөлүнөт. Тематикалык өзгөчөлүктөрүнө карата Г. к. жекече же тармактык (темп-pa картасы) ж-а жалпы карталар (кубулуштарды толук мүнөз-дөөчү), ал эми көл тармактуу мүнөз-дөгүлөрү комплекстүү карталар деп аталат. Ушул эле карталар жалпы мазмунуна, түрдүү көрсөткүчтөрүн методикалык жактан талдап бе-рплишине /караша анализдин ж-а синтездик болуп, дагы эки негизги топту түзөт. Биринчиси табияттын, калктын, экономиканын ж-а мад-ттын айрым элементтерин, алардын касиеттерин же өзгөчөлүктөрүн көрсөтөт. Синтездик карталарда жыйынтыктоо жог. даражага жетип, бир катар көрсөткүчтөр чогуу ж-а бириккен түрдө пайдаланылат, кубулуштар ажырагыс бүтүн деп мүнөздөлөт. Г. к-дын сапаты — алардын толукту-гуна, тактыгына ж-а пайдаланылган маалыматтардын жаңылыгына, о. эле карталардын прогрессчил ил. принциптерге, идеяларга негизделишине байланыштуу. Байыркы доордон тартып азыркы абалына чейин картогра-фиянын өсүп-өнүгүгяүнө коомдун, илимдин, техниканын өркүндөшү, картага болгон социалдык талап чоң таасир кылды. Илимдин, техниканын жетишкендиктери (аэрофотосъем- ка, космостук аппараттарды пайдалануу ж. б.) карта түзүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө (к. Географиялык ачылыштар, Картография).

Ад.:   Салищев К. А., Картография, М., 1971; 50 лет советской геодезии и картографии, М., 1967; Тематическое картографирование в СССР, Л., 1967.

от 2020