— жалпы программа б-ча бир бүтүн чыгарма катары аткарылган географиялык карталардын системалуу жыйындысы. Байыркы грек окумуштуусу Клавдий Птолемейдин (2-к.) геогр. карта-дар жыйнагы кийинки Г. а-тардын түзүлүшүнө негиз болгон. «Атлас» деген атты (легенда б-ча асман глобусун биринчи болуп жасаган Ливиянын мифтик королу Атластын ысмынан) 1-жолу 1595-ж. картограф Меркатор колдонгон. 16-к-дын аягында атайын даярдалган алгачкы атластар басылып чыга баштайт. Алардын ичинен Л. Ва-генардын деңиз навигация картала-рынын 2 томдук жыйнагы (1584—85) белгилүү. 17-к-да атластарды даярдоо көбүнчө Голландияда өнүгө баштайт. 1701-ж. С Ремезов 1-орус геогр. атласы — «Сибирдин чийме китебин» түзөт. 18-к-да атлас түзүү Париж, Петербург, Берлин ИАларында көрүнүктүү орунду ээлейт. 19-к-да тематикалык атластар пайда боло баштайт. Г. а-ты өнүктүрүү ж-а жакшыртууда В. И. Лениндин 1920—21-ж. 1-сов. геогр. атластарды даярдоого карата жазган каттары чоң методикалык мааниге ээ болгон. 1937—40-ж. Дүйнө жүзүнүн чоң совет атласынын (физикалык, экономикалык ж-а саясий географиянын комплекстүү атласы) чыгышы Г. а-тын өнүгүшүнүн жаңы этабы болду. Г. а-тын төмөнкүдөй түрлөрү бар: камтыган аймагына карата — дүйнө жүзүнүн, айрым өлкөлөрдүн ж-а областтардын атластары; мазмуну б-ча жалпы геогр. карталардын атласы, тематикалык карталардын тармактык атластары (мис, климаттык, геол., Дүйн. океандын); көптөгөн өз ара байланыштуу кубулуштардын (мис, Дүйнөлүк океандын климаты м-н океанографиясы-нын) же көрсөтүлгөн аймакка толук мүнөздөмө берүүчү комплекстүү атластар; арналган максатына к а р а й — ил.-справкалык, край таануу, окуу, туристтик, жол катнашы ж. б. атластар. Дүйн. атластардын ичинен сов. Дүйнө жүзүнүн атласы (1954; 2-бас, 1967); Дүйнө жүзүнүн физикалык геогра- фиялык атласы (1964); Деңиз атласы (4 томдук, 1950—63); Дүйнө элдеринин атласы (1964); Антарктика атласы (1966—69). Чет өлкөлөрдө түзүлгөн атластардан Дүйнө жүзүнүн оксфорд экономикалык атласы (1965) көрүнүктүү орунда. Көп өлкөлөр өз калкын, экономикасын, мад-тын, табиятын чагылдырган улуттук ж-а тармактык атластар түзүштү. Сов. атластардын ичинен СССРдин климаттык атласы (1960—63), СССРдин айыл чарба атласы (1960) ж-а Совет мамлекетинин 50 жылдык өнүгүшүн жыйынтыкта-ган СССРдин чарбасы м-н маданиятынын өнүгүү атласы (1967) чоң мааниге ээ. СССРде региондун атластар, б. а. айрым респ-калардын, крайлардын ж-а областтардын атластары ил. практикалык ж-а жалпы маалымат алууга өтө пайдалуу. Кыргыз ССРинин да комплекстүү атласы түзүлүүдө.

Ад.:   С а л и щ е в К. А., Географические атласы, в сб.: Итоги науки. Картография, в. 1—З, М., 1964—68; его же, Картография, М., 1971; 50 лет советской геодезии и картографии, М., 1967, —^

от 2020