өсүмдүктөр картасы — аймактардын өсүмдүктөрдүн өзгөчөлүктөрүнө, ботан. негизги белгилерине (ассоциациялары, формациялары, о. эле алардын комплекстери ж-а бирикме-лери) жараша түрдүү масштабда ки-чирейтилип кагазга түшүрүлгөн чий-меси. Г. к. аткарган милдети ж-а түзүлүшү б-ча универсал ж-а адистештирилген болуп бөлүнөт. Универсал Г. к. өсүмдүктөрдүн тарыхый өнүгүшүндө түзүлгөн бирдиктердин жайгашуусун, алардын ички ж-а сырткы себептердин, шарттардын таасири м-н өзгөруштөрүн (мис, токойлорду кыйгандай кийин шалбаа-ларга же боздоңдорго ж-а мурдагы бетеге, шыбактуу дыңдарды айдагандан кийин эгип же башка айдоо жерлерге айланышы) көрсөтөт. Адистештирилген Г. к. өсүмдүктөрдүн (жайыттардын, токойлордун, чөп чабындылардын, өсүмдүк байлыкта-рынын запастарынын) эл чарбасында пайдаланышына карата болгон өзгөчөлүктөрүн көрсөтөт. Г. к. ири (1 : 5000—1 : 25 000), орто (1 : ЗОО 000— —1:1000 000) же майда (1:1500 000— —1:5 000 000) масштабдуу болуп бөлүнөт. Кырг-нда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында ар түрдүү масштабдагы бир нече Г. к. түзүлдү. Алардын ичинде «Кырг-ндып өсүмдүктөр картасы» ж-а областтардын Г. к. бар. Г. к-ды түзүү Кыргыз ССР ИАнын Биология пн-тунун геоботаника лабор-ясында жүргүзүлөт. ГЕОГРАФИЯ (гео… ж-а …графия) — табият ж-а коомдук илимдердин табигый ж-а өндүрүштүк терр-ялык комплекстерди ж-а алардын компоненттерин изилдөөчү системасы. Г-нын табигый ж-а коомдук илим изилдөө объектилеринин байланышы, изилдениши табигый ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, өндүрүштү рационалдуу жайгаштыруу ж-а адам турмушу үчүн өтө оңтойлуу чөйрө түзүү максатында жүргүзүлөт. Г-лык илимдердин системасы ж-а чектеш илимдер м-и байланышы. Г. илимдеринин системасы баштапкы бүтүн географиянын өнүгүү ж-а тармактарга ажыроо убагында пайда болгон. Мурда ал түрдүү аймактардын табияты, калкы ж-а чарбачылыгы ж-дөгү түшүнүктөрдүн энциклопедиялык жыйындысы болуп келген. Дифференциация процесси бул абалды өзгөртүп, Г. илимин 2 багытта — компоненттик (табият, чарбачылык ж-а калкты айрым тармактар б-ча үйрөнүүгө, мис, рельеф, климат, топурак же а. ч., өнөр жай ж. б.) ж-а комплекстик, синтездик (аталган ком-поненттердин терр-ялык айкалышта-рын же табигый ж-а өндүрүштүк комплекстерди изилдөө) адистешүугө мажбур кылды. Г-нын башкы тармактары: а) табигый же физ. геогр. илимдер (физ. география, жалпы жер таануу, палеогеография, геоморфология, климатология, кургактыктын гидрологиясы, океанология, гляциология, геокриология, топурак геогра-фиясы ж-а биогеография); б) коомдук геогр. илимдер (жалпы ж-а региондун экон. Г., өнөр жай, а. ч., транспорт, калк географиялары, саясий Г. ж. б.); в) картография. Г-га өлкө таануу географиясы, мед. Г., аскердик Г. кирет. Булардын жалпы таламы бир болсо да алардын ар биринин өзүнчө жеке изилдөө объектилери, методдору, жалпы теориялык, региопдук ж-а колдонмо бөлүктөрү бар. Ар бир геогр. илим экспсдиция- лык ж-а стационардык изилдөөлөрдүн маалыматтарына, карталарына таянат. Өзүнүн традициялуу метод-дорунан тышкары, геогр. илимдер изилдөөлөрүндө математика, геофизика, геохимия, биология сыяктуу илимдердин ыктарын ж-а маалыматтарын пайдаланат. Экон. Г. болсо физ. Г. ж-а коомдук илимдер — саясий экономия, демография-социология, ө. ж-дын экономикасы ж. б. м-н тыгыз байланышта. Табигый шарттар м-н ресурстарды толук ж-а рационалдуу пайдалануу, өндүргүч күчтөрдүн өсүшү ж-а өндүрүштү план-ДУУ түрдө жайгаштыруу, табиятты коргоо, калыбына келтирүү ж-а кайра куруу үчүн Г. ил. негиздерди иштеп чыгууда. Географиялык ой-пикирлердин оөр-чүшүнүн негизги этаптары (маанилүү геогр. саякаттар ж-а ачылыш жөнүндө к. Географиялык ачылыш-тар). Г.— эзелки илимдерден. Алгачкы геогр. маалыматтар кул ээлик доордогу Чыгыш элдеринин жазмала-рынан кезигет. Бирок өндүргүч күчтөрдүн өсүш деңгээлинин төмөндүгү-пөн ж-а б. з. ч. 4—1 миңинчи жылдары маданий байланыштардын начарлыгынан геогр. түшүнүктөр да чектелүү, тайкы болгон; табият көбүнчө диний жомок жолдору м-н түшүндү-рүлгон. Геогр. кубулуштарды таби-гый-ил. жол м-н, бирок жалаң ой жүгүртүү, жоруу иретинде түшүндүрүү б. з. ч. 6-к-да башталып, илимде 2 геогр. багыт пайда болот: жалпы жер таануу же физ. география (башында Аристотель) ж-а өлкө таануу (башында Геродот). Ошол убакта Жер шар формада экени ж-а анын 5 жылуулук алкагы ж-дөгү идеялар пайда болгон. Б. з. ч. З—2-к-дарда матем. Г. негизделет. Александрия-лык грек Эратосфен өзүнүн «География» деген эмгегин жазып, жер шарынын айланасын 1-жолу дээрлик так аныктаган. Байыркы Г. Страбон м-н Птолемейдин эмгектеринде (б. з. 1—2-к-дары) биротоло негизделген. Страбон өлкө таануу багытын өөр-чүтсө, Птолемей Г-нын милдети карта түзүү\ деп караган. О. кылымдардын чиркөө үстөмдүк кылган алгачкы мезгилинде Европада Г. диний догмалардан алыс кеткен эмес, Жер шар формасында деген байыркы идея жокко чыгарылган. Феод. Чыгышта (Кытай, Араб халифаты, О. Азия, Иран) Европага караганда илим жог. деңгээлде турган; өлкөлөр, элдер, жолдор, саякаттар ж-дө көп сандаган эмгектер жазылган; матем. Г. өөрчүп, парталар түзүлгөн. 15-к-да геогр. ой-пикир акырындап чиркөөнүн таасиринен кутула баштайт. Географиялык улуу ачылыштардан кийин Г. билимдин алдыңкы тармактарына кошулат. Карталар, 16-к-дын аягынан атластар көбөйөт. Геогр. ачылыштардын натыйжасында Жердин чоңдугу ж-а формасы, дүйн. океандан биримдиги, деңиздик агымдар, туруктуу шамал-дардын алкагы ж. б. аныкталат, бирок материктердин табияты али толук изилденбеген. Геогр. улуу ачылыштардын ил. корутундулары Голландия географы Б. Варениустун (1650) «География генералис» деген эмгегинде жыйнакталган. Жердин негизги сфераларынын (литосфера, гидросфера, атм-ра) өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп, ал Г. «жер-суу шары» ж-дөгу илим деген жыйынтыкка келет. 17-к-дын 2-жарымы — 18-к-дын 1-жарымында Жердин жаратылышын, анын процесстерин, айрым өлкөлөрдүн табигый шарттарын билүүгө көп көңүл бурулат; Жерди картага түшүрүү күчөйт, экон. Г. алгачкы кадамдарын жасайт. 18-кылымдын 2-жа-рымында атайын ири табигый-ил, экспедициялар уюштурулуп, айрым табиягчылар кубулуштардын бири бири м-н болгон байланыштарын үйрөнүүгө умтула баштайт. Немец философу И. Кант Г. хорологиялык (мейкиндик) илим деген көз караштын идеялык негизин берет (1801— 02). 19-к-дын 1-жарымында табият таануунун жетишкендиктери натурфи-лос. жоромолдоолорду четке кагып, жаратылыштын негизги процесстерин табигый себептер м-н түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ушул мезгилде Г-нын өсүшүнө, анын ил. милдеттерин аныктоого немец геог-рафтары А. Гумбольдт м-н К. Риттер чоң таасир этти. Жердин табияты ж-дө илимдеги түшүнүктөрдү талдап, А. Гумбольдт («Космос», 1845—62) Жер кубулуштарынын жалпы закон-дорун ж-а ички байланыштарын изилдөө физ. Г-нын милдети деп көрсөтсө, анын замандашы К. Риттер Г-нын негизги максаты табияттын адамга кылган таасирин изилдөө гана деп түшүндүргөн. Риттер жерди, өзгөчө өлкөлөрдү салыштырып му-нөздөгөн. Гумбольдттун Г-сы табигый илим болсо, Риттердики гуманитардык, өлкө таануу болгон. 19-к-дын 70-жылдарынан капитализмдин монополиялык стадиясына өтүшү, капит. чарбанын түрдүү табигый ресурстарга көп муктаж болушу, атайын геогр. изилдөөлөрдү (шд-рол., топурактын ж. б.) уюштурууга, ал эми илимдин жалпы өркүндөшү Г. дифференциациясынын күчөшүнө, анын ичинде айрым тармактардын пайда болушуна алып келди. Г. мурункудай бүтүн биримдүү илим болбой, ич ара жиктелип, анын бөлүктөрү (жалпы жер таануу, өлкө таануу) ажырай баштады. Г. өнүккөн башкы өлкөлөрдүн бири Германияда антропогендик багытка (Ф. Ратцель) негиз салынып, кийин ал реакциячыл социологиялык идеяларга ж-а геополитикага кызмат кылып кетти. Германияда өөрчүгөн 2-(хорологиялык) багыт (20-к-дын башында, муну шыктандыруучу Г. Гетнер) б-ча Г. табигый ж-а коомдук кубулуштарды камтыйт, бирок ал «объектилердин ар жерде жайгашышын» гана изилдейт, ал эми кубулуштардын өсүп-өнугушүн, закон ченемин аныктоо Г-нын милдетине кирбейт. Француз геогр. мектеби (негиздөөчү П. Ви-даль де ла Блаш) 20-к-дын башында өлкө тануу м-н «адамдын геогра-фиясын» кеңири өөрчүткөн. Чет өлкөлөргө караганда Россияда 19-к-дын аягында ж-а 20-к-дын башында Г-да бир катар прогрессчил идеялар ж-а багыттар өнүккөн. В. В. Докучаев топурак ж-дө илимге негиз салып, комплекстик физ. геогр. изилдөөлөрдү баштаган. Ал табият зоналар теориясын түзгөн. Бул идеянын негизинде 20-ж-дын башында ландшафт (табигый аймактык комплекс) тууралуу түшүнүк такталып, анын геогр. изилдөөлөрдүн негизги объектиси экени аныкталат. 3. Пассарге (Германия) табигый ландшафттын классификациясын ж-а анын морфол. бөлүнүш схемасын сунуш кылган. Советтик Г-нын өөрчүшү ж-а азыркы абалы. Совет бийлиги Г-нын өөрчүшүнө кеңири шарт түздү. Табигый өндүргүч күчтөрдү изилдөө максатында СССР ИА 20—30-жылдарда ири комплекстүү экспедициялар уюштурган. Геоморфология, гидрология, гляциология, геоботаника, климатология, топурак таануу, тоң таануу, палеогеография ж. б-лардын теориялык маселелерин изилдөө м-н бирге комплекстик физ. геогр. ж-а экон. геогр. проблемаларга, райондогпту-рууга көңүл бурулат; аймактык физ. геогр. дифференциациянын закон ченеми изилденет. Ушул эле жылдары алгачкы талаа ландшафттык изилдөө башталып, ландшафт карталары түзүлөт. Физ. географиядагы теориялык изилдөөлөр жалпы жер таануу (А. А. Григорьев) ж-а ландшафт таануу багытында жүргүзүлгөн. Океан-дар ж-а деңиздер ж-дө маанилүү эмгектер жарыкка чыккан. Сов. экон. Г-нын теориялык проблемалары К. Маркс, Ф. Энгельс ж-а В. И. Лениндин эмгектеринин негизинде иштелген. Бурж. көз караштар ж-а солчул тенденциялар м-н 20—30-жылдарда болгон күрөш (Н. Н. Баранский), курч методологиялык талкуу экон. Г-да маркстик багыттын жеңишине ж-а тармактык экон. Г-нын маанилүү маселелерин тактоого алып келди. 40—60-жылдардын ичинде сов. Г. жаңы чоң ийгиликтерге жетишти, анын изилдөө методдору жактырды, теориялык проблемалары ж-а жаңы принциптери иштелип чыкты. Азыркы Г-нын алдында турган про-йдемалардын комплекстүү мүнөзү ж-а татаалдыгы Г-га чектеш жаңы илим тармактарын (биогеоценология, ландшафт геохимиясы, мед. Г. ж. б.) пайда кылды, аларга ылайыктуу жаны матем., геохим. ж. б. методдор, синтездүү, системалуу ыктар өздөштүрүлдү. Г. илимдеринин системасы азыр жаратылыш ж-а коом кубулуштарын терең, ар тараптан үйрөнүүдө. Физ. Г.— табигый геогр. комплекстер (геосистемалар) ж-дөгүилим. Ал географиялык кабыктын түзүлүш ж-а өнүгүш закон ченемин (жалпы физ. Г.) ж-а анын терр-ялык жактан бөлүнүшүн, морфол. түзүлүшүн ж. б. маселелерди (ландшафт таануу) изилдейт; ири региондун физ.-геогр. мү-нөздөмөлөрдү түзөт (мис, «СССРдин табигый шарттары ж-а ресурстары» ж-дөгү 15 томдуу серия). Экон. Г. жалпы теория м-н бирге интегралдык экон. райондордун түзүлүш маселелерин изилдейт, райондук ж-а тармактык багыттарда маанилүү иштерди жүргүзөт ж-а экон.-геогр. мүнөздөмөлөрү (ө. ж., транспорт, а. ч., калк, шаар ж. б.) түзөт, табигый шарттардын ж-а ресурстардын чарб. маанисин изилдейт. Сов. экон. Г. чет өлкөлөрдү изилдөөгө зор салым киргизди. Г. тарыхы ж-а тарыхый Г-нын проблемалары иштеп чыгарылды. Сов. картографиянын Г. м-н тыгыз байланышы алардын тез өсүшүнө түрткү болду. Акыркы жылдарда тематикалык ж-а комплекстик картография зор кадам жасады, көп сандаган атайын карта м-н атластар, комплекстик атластар түзүлдү. Сов. Г. бара-бара эксперименттик кайра куруучу, б. а. конструктивдүү мүнөздөгү илимге айланууда. Ал табият м-н коомдун өз ара мамилелерин жалпылоочу ил. проблеманы изилдөөдө чоң роль ойномокчу. Г-нын чет өлкөлөрдөгү абалы. Соң. өлкөлөрдөгү географтар соң. курулушка байланыштуу маанилүү комплекстик проблемаларды чечүү багытында иштөөдө. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө (Индия, Бразилия, Мексика ж. б.) улуттук геогр. мектептер калыптанып, географтардын иш-аракети өз элинин экон. милдеттерин чечүүгө байланыштырылган. Өнүккөн капит. өлкөлөрдө экономиканын антагонисттик, стихиялык мүнөздө өсүшү, табигый ресурстарды ач көздүк м-н пайдаланышы, айлана-чөйрөнүн булганышы мамл. бийликтерди ж-а монополияларды тийиштүү чара көрүүгө мажбур кылып, АКШ, Канада, Улуу Британия, ГФР, Япония ж. б. айрым өлкөлөрдө өкмөттүк мекемелер ж-а жеке фирмалар географтар-ды айрым маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тартат. Геогр. изилдөөлөр көбүнчө колдонмо мүнөздө ж-а региондун багытта жүргүзүлөт. Көп өлкөлөрдө (айрыкча АКШда) хоро-логиялык концепция басымдуулук кылат. Бул багыттын идеологдору (Р. Хартшорн, П. Жеймс, Д. Уиглси ж. б.) Г-нын жеке өзү изилдей турган объектиси жок, аны физ. Г. ж-а экон. Г-га бөлүү зыяндуу, Г. ажырагыс бир бүтүн илим дешет. Экинчи бирөөлөр Г-нын изилдөөчү объектиси «Жердин кабыгы», же «Геосфера» же ландшафт дейт. Батыш европ. изилдөөчүлөр ландшафттын экологиясына өзгөчө көңүл бурушат. Маанилүү Г-лык мекемелер. СССРдин Г-лык изилдөөлөрдү жүргүзүүчү ж-а географ адистерин даярдоочу ири мекемелери: СССР ИАдагы Г. ин-ту, СССР ИАнын Сибирь бөлүмүнүн Сибирь ж-а Ы. Чыгыш ин-ту, респнкалык академиялардын Г. ин-т-тары, бөлүмдөр, секторлор,- кээ бир ун-ттер м-н пед. ин-ттардын геогр. ф-теттери, СССР Г. коому ж-а анын филиалдары, соң. өлкөлөрдүн ИАла-рындагы Г. ин-ттар, алардын жог. окуу жайларындагы Г. ф-теттер. Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн географтарынын көпчүлүгү Эл аралык Г. союзуна (1922) бириккен, ал ар бир 4 жылда Эл аралык Г-лык конгресс өткөрөт. Г-нын Кыргызстанда өнүгүшү. О. Азиянын тоолуу бөлүгү, анын табияты, чарбасы ж-дө Батыш м-н Чы-гыштагы элдер б. з. башталышына чейин эле кабардар болушкан. Байыркы Иран («Авеста» ж. б.), Грек-Рим (Геродот, Птолемей ж. б.) сыяктуу өлкөлөрдүн жазуу эстеликтери Тянь-Шань, Памир-Алайды мекендеген сак, усун ж. б. уруулар, алардын жери, кесиби ж. б. тууралуу алгачкы маалыматтарды берет. О. кылымдарда Кырг-ндын аймагы, айрым табигый р-ндору (мис, Ь1сык-Көл), шаарлары, чарбасы, калкы, саясий кырдаалы ж. б. кыска, так баяндалат. 18-к. ж-а 19-к-дын 1-жарымын-да Г-лык маалыматтар көбөйүп, өлкөнүн жалпы абалын, негизги ороги-дрографиялык схемасын көрсөткөн карталар түзүлөт. Немец илимпоздору К. Риттер (1832, 1859) ж-а А. Гумбольдт (1843) Тянь-Шань м-н Болорду (Памир-Алай) .мүнөздөл, Орто ж-а Борб. Азиянын Г-сы б-ча биринчи жалпыланган ил. концепцияларды берүүгө аракет жасашкан. Бирок 19-к-дын ортосуна чейин Кырг-н ж-дөгү геогр. түшүнүктөр тайкы, көбүнчө фрагменттик мүтгөздө кала берген. Так инструменттик (кээ бир белгилүү фактыдан башка) байкоолор болгон эмес Көчмөн турмуш, мал чарбачылык кыргыздарды байкагыч-дил-гир болууга, табияттын түрдүү кубулуштарын үйрөнүүгө мажбур кылган. Кеңири эмпириялык билими бар кыбачы, улама, эсепчи, саякатчылар бир катар табигый көрүнүштөрдү, фенологиялык кубулуштарды ж. б-ларды алдыртан айта билген. Кыргыздардын аймак жөнүндөгү түшүнүктөрү өздөрү жердеген Ала-Тоо, Жылдыз, Лобнор, Жети-Шаар, Тибет, Гиндукуш, Памир, Гиссар, Чаткал же Алтай, Саян м-н чектелген эмес. Алар Чыгыш Кытай, Индия, Африка, бир катар европ. өлкөлөр ж-дө кабардар болушкан. Айрым саякатчылар 18— 19-к-да Балтика боюна (Шергазы, А. Кучаков ж. б., 1784), Кызыл деңиз, Индостан ж. б. жерлерге жетишкен. Өткөн кылымда орус ж-а чет өлкөлүк окумуштуулар, о. эле оозеки эл чыгармалары кыргыздардын геогр. түшүнүгү кенен экенин айкындайт. Ошондой болсо да, өлкөнүн нукура ил. Г-сы акыркы 100—120 жылдын ичинде, бөтөнчө Окт. рев-ясынан кийин гана түзүлдү. Биринчи атайын ил. экспедициялык изилдөөлөр кыргыз жергесинде 1856-ж. (Ч. Ч. Вали-ханов, П. П. Семенов) башталды. Алгачкы тепографиялык съемканы Ысык-Көлдүн чыгыш жээктеринде поручик Яновский (1856) жүргүзгөн. Рев-яга чейинки Кырг-ндын көп жерин кучагына алган ар түрдүү экспедициялык ж-а стационардык (80— 90-жылдардан тартып) изилдөөлөр өлкөнүн жаратылыш шарттарынын өзгөчөлүктөрүн ж-а айрым закон ченемин, калкынын составын, чарбасынын багытын, өнүгүшүн көрсөттү. Тянь-Шань, Памир-Алай тоо системалары ж-дөгу азыркы ил. түшүнүктөргө негиз салды. 19-к-дын 2-жарымын-да атайын тармактык (топография-геодезиялык, геологиялык, зоология-лык ж. б.) ж-а комплекстик мүнөздөгү изилдөөлөр өлкөм-н таанышуу, маалымат чогултуу (инвентаризация) түрүндө болсо да, табияттын ар бир салаалары б-ча маанилүү жалпылаган тыянактарга алып келди; тоолуу өлкөнүн орографиялык түзүлүшү ж-а рельефинин өзгөрүшү (П. П. Семенов, Н. А. Северцев, И. В. Мушкетов), азыркы ж-а байыркы мөңгүлөрдүн таралышы (П. П. Семенов, Н. А. Северцев, И. В. Мушкетов, А. Н. Краснов ж. б.), өсүмдүктөрдүн (П. П. Семенов, А. М. Фетисов, А. Н. Краснов, С И. Коржинский ж. б.) ж-а айбанаттарды^ (Н. А. Северцев, А. П. Федченко, В. Ф. Ошанин ж. б.) геогр. шарттарга (экологиялык, бийиктик алкактуулукка ж. б.) ылайык таралышы ж-а жаралыш тарыхы (Н. А. Северцов, А. Н. Краснов), мис, жаңгак токою палеоген-неоген мезгилинин калдыгы экени (С И. Коржинский) ж. б. аныкталды. 20-к-дын башында орус капитализминин монополисттик баскычка өтүшүнө, О. Азияны колоннялаштыруунун күчө-шүнө байланыштуу Кырг-нда атайын колдонмо (топурак-ботан., гид-рол., статистика-экон. ж. б.) мүнөздөгү изилдөөлөр өерчүдү, өлкөнүн айрым табигый салаалары б-ча кеңири маалыматтар топтолду. Мис, топурактын негизги типтеринин түзүлүшү, составы, таркалышы ж. б. (С. С. Неуструев, Л. И. Прасолов, Н. А. Лебедев ж. б.), дарыялардын режими, чыгымы, ресурстары ж. б. (В. Г. Глушков, Э. М. Ольдекоп) ж-дө; комплекстүү мүнөздөгү экспе-дициялар (В. А. Васильев, И. Г. Александров, Н. Н. Епанчин) ири регион-дордун (Чүй, Фергана өрөөндөрү, Көкөмерен суусунун алабы ж. б.) жер-суу ресурстарын пайдалануу долбоорлорун түзүштү. Орус геогр. коому, Түркстан ж-а Батыш Сибирь аскердик-топографиялык бөлүмдөрү, Көчүрүү башкармасы, Геол. комитет ж. б. уюштурган тармактык ж-а комплекстик изилдөөлөр Тянь-Шань, Памир-Алай ж-дөгү түшүнүктөрдү кеңейтип, алардын табигый компоненттери б-ча баалуу ил. концепциялар ды негиз деди (С. С Неуструев, В. Г. Глушков, Д. И. Мушкетов ж. б.). Кырг-ндын аймагынын 2/3си ири, калганы орто ж-а майда масштабдуу карталарга түшүрүлдү. Өлкөнүн чарбачылыгынын айрым тармактарын мүнөздөгөн, калк ж-а колониялашты-руу маселелерин козгогон экон.-геогр. мүнөздөгү ири эмгектер (В. А. Васильев, В. В. Заорская ж-а К. А. Алек-сандер, П. П. Румянцев ж. б.) жарыяланды. Кырг-ндын Г-сын изилдөөгө чет өлкөлүк окумуштуулар (венгрлер Д. Алмаши ж-а Д. Принц, немецтер Г. Мерцбахер ж-а М. Фридрихсен, америкалык В. М. Девис, чех Ф. Ма-хачек ж. б.) ж-а жерг. саякатчылар, край таянуучулар (А. М. Фетисов, Я. И. Корольков, О. Е. Неживов, А. А. Куценко, С Абдыбеков ж. б.) да катышкан. Улуу Окт. соң. рев-ясынан кийин Г-лык изилдөөлөр кескин өсүп, табигый ресурстарды үйрөнүүдө, коомдук өндүрүштү туура жайгашты-рууда белгилүү роль ойноду. Совет бийлигине чейин Кырг-нда бир да ил. мекеме болбогон, жог. билимдүү адистер жокко эсе эле. Азыр респ-када 8 атайын Г-лык (Кыргыз ССР ИА геогр. бөлүмү, Бийик тоолуу Тянь-Шань физ. геогр. станциясы, Кыргыз мамл. ун-тинин геогр. ф-тети ж. б.) ж-а Г-лык ^багыттагы (Кыргыз ССР гидрометеорология кызматынын башкармасы, Н. М. Пржевальскийдин ме-мориалдык музейи ж. б.) ил. мекемелер, коллективдер ж. б. бар. Гид-рометеорол. элементтерди көп сандаган түрдүү типтеги пункттар изилдеп үйрөнөт. Өлкөнүн топурагын, өсүмдүктөрүн, эл чарбасын, калкын ж. б-ды Г-га чектеш илимдер изилдейт. Кыргыз ССР Г-лык (1947) ж-а Табиятты коргоо (1967) коомдору иштейт. Улуттук жог. адис географ кадрлары өсүп чыкты. 40-жылдарга чейин респ-канын табигый ресурстарын изилдөө көбүнчө Москва, Ленинград ж-а Ташкендин адистеринин күчү м-н жүргүзүлгөн. 20—40-жылдар-да СССР ИА ж^а О. Азия ун-тетинин экспедициялары Кырг-ндын Г-сына зор салым киргизди. 1948-ж. СССР ИА Геогр. ин-ту , негиздеген физ.-геогр. станция (Тескей Ала-Тоодо) ушул багыттагы дүйнөдөгү бирден-бир атайын ил. мекеме болуп калды. 1943-ж. СССР ИА Кыргыз филиалы, 1951-ж. Кыргыз мамл. ун-ти ачылгандай бери респ-канын табиятын, калкын, чарбачылыгын изилдөө бүт дээрлик жерг. окумуштуулар м-н адистердин колуна өттү. Акыркы ондогон жылдардын ичинде Г. илими көрүнүктүү натыйжаларга жетишти. Табияттын компоненттери б-ча маанилүү изилдөөлөр жүргүзүлүп, алардын генезиси, түзүлүшү, өсүп-өнүгүшү, географиясы ж. б. ж-дө олуттуу тыянактар чыгарылды (С С Шульц, 1948; И. В. Выходцев, 1956; А. М. Мамытов, 1963; Ф. А. Турдаков, 1963; А. Т. Илиясов, 1969 ж. б.). Бир катар баалуу колдонмо (прикладной) мүнөздөгү эмгектер түзүлдү (климаттык ж-а гидрол. справочниктер, мөңгүлөрдүн каталогдору ж. б.). Тармактык ж-а комплекстик изилдөөлөрдү жалпылаган өлкө таануу тибиндеги иштерди («Бассейн реки Нарын», 1960; Природа Киргизии, 1962; Физическая география Тянь-Шаня, 1964 ж. б.) аткарууга мүмкүнчүлүк берди. Экон. геогр. изилдөөлөр кеңири проблемаларды, Кырг-ндын чарбачылыгынын бардык тармагына байланыштуу маселелерди өз кучагына алды. Ө. жайы, а. ч-сы, табигый ресурстарды пайдалануу ж-а алардын экон. мааниси, транспорттук байланыштары ар тараптан мүнөздөлдү. А. ч-сын, ө. жайды ж-а эл чарбачылыгын бүт комплекстүү түрдө райондоштуруу проблемалары каралды. Айрым өндүрүштүк аймактык комплекстердин (М. М. Картавов, 1956; К. О. Отор-баев, 1957 ж. б.) ж-а бүткүл Кырг-ндын (С Н. Рязанцев, 1946, 1951; С Н. Рязанцев, В. Ф. Павленко, 1960; С О. Орозалиев, 1968 ж. б.) чарбачылыгы, калкы, экон. геогр. проблемалары ж-а эл чарбачылыгынын өсүш тарыхы (1966) терең талданды. Респ-канын табиятын, калкын, чарбачылыгын камтыган өлкө таануу тибиндеги эмгектер ягарыкка чыкты (1959, 1970). Өлкөнүн тематикалык карто-графиясы да өнүгүүдө.

Ад.:   В е р г Л. С, Ландшафтно-географи-чеекие зоны Советского Союза, т. 1—2, М.—Л., 1947—52; Докучаев В. В., Соч., т. 1—7, М.—Л., 1949—53; Американская география. Современное состояние и перспективы, пер. с англ. М., 1957; Алам-п и е в Н. М., Экономическое районирование СССР, кн. 1—2, М., 1959—63; Баранский Н. Н., Экономическая география. Экономическая картография, 2 изд., М., 1960; Методы географических исследований. Сб. ст., М., 1960; П е р е л ь-м а н А. И., Геохимия ландшафта, М., 1961; Экономическая география в СССР, М., 1965; Григорьев А. А., Закономерности строения и развития географической среды, М., 1966; Б у н г е В., Теоретическая география, пер. с англ., М., 1967; Герасимов И. П., Преобразование природы и развитие географической науки в СССР, М., 1967; Физико-географическое районирование СССР, М., 1968; Ф е й-г и н Я. Г., Ленин и социалистическое размещение производительных сил, М., 1969; Исаченко А. Г., Развитие географических идей, М., 1971; С алиги е в К. А., Картография, М., 1971; Актуальные вопросы советской географической науки, М., 1972; А н у ч и н В. А., Теоретические основы географии, М., 1972; С а у ш к и н Ю. Г., Экономическая география; история, теория, методы, практика, М., 1973; Н е е ф Э., Теоретические основы ландшафтоведения, пер. с нем., М., 1974; У м у р з а к о в С. У., Очерки по истории географических открытий и исследований Киргизии, Фр., 1959; ошонуку, Географические науки в Киргизии, «Изв. АН СССР. Серия географическая», 1973. М 1; Рязанцев С. Н., Павленко В. Ф., Киргизская ССР, М., 1960; Русские путешественники и исследователи о киргизах, Фр., 1973; Ленин и наука Советского Киргизстана, Фр., 1970, Киргизия (серия «Советский Союз»), М., 1970; Природа Киргизии, Фр., 1962.

от 2020