ГЕН

(гр. genos—түпкү теги)—дезок-сирибонуклеин кислотасынын (ДИК) молекула бөлүктөрүнүн тукум куучулук касиетине ээ жөнөкөй бирдиги. Ар бир Г. тирүү клеткадагы бе-локтордун биринин түзүлүшүн мүнөздөн, организмдин белгилери м-н касиеттеринин жаралышына катышат. Г-дин жыйындысы—генотип организмдин түрү ж-а анын жекелик өзгөчөлүгү ж-дөгү генетикалык информацияларды өзү м-н кошо ала жүрөт. Алсак, жер жүзүндөгү бардык орга-низмдердин тукум куучулугу өзүнчө бир ырааттуулукта Г-дин нук-леотиддеринде жайгашканы далилденген. Г. хромосоманын составына кирет. Г-дин негизги милдети — ферментти же башка белоктордун синтезин программалоо. Генетика илими Г-дин структурасы (к. Мутация) өзгөрсө, клеткалардагы биохим. процесстер бузулуп, мурдагы реак-циялардын же белгилердин абдан начарлап кетерин айкындайт. Г-дин чын эле бар экенин 1865-ж. Г. Мендель ачып, жаңы организмдин ар бир белгиси ата-эненин жыныс клеткасында-гы тукум куучулук факторлорго жараша белгилерди жупташтырууда бө-лүнүп-бөлүнүп кетпестен, бүтүндөй бир нерсе катары бет алды эле кийинки тукумга берилишин аныктаган. «Г.» терминин 1909-ж. дания илимпозу В. Иогансен киргизген. 19-к-дын аягында тукум куучулук факторлордун тукумга берилипшнде хромосомалар-дын ролу чоң деген болжолдоолор айтылган. 1911-ж. америка генетиги Т. Х. Морган тукум куучулуктун хромосома теориясын иштеп чыгат. Ошондон кийин Г-дин хромосомада орун алгандыгы ж-а бир хромосома-га топтолгон Г-дер чырмалышкан бирдиктүү топту түзүп, чогуу бойдон тукумга бериле тургандыгы аныкталган.

Ад.:   Лобашев М. В., Генетика, 2 изд., Л., 1967; Дубинин Н. П., Общая генетика, М., 1970.

…ГЕН (гр. genes — тукум, тек) — татаал сөздөрдүн кандайдыр бир нерсенин түзүлүшүнө же алардын чыгышына байланыштуу маани туюнду-руучу составдын бөлүгү, мис, гидро-ген, патогендүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *