ГЕНЕТИКА

от2020

Ноя 28, 2020

(гр. genesis — чыккан теги) — организмдин тукум куучулук ж-а өзгөргүчтүк закондору ж-дөгү илим. Г. кишиге керектүү организм-дердин формаларын алуу же алардын жеке өөрчүшүн жөнгө салуу максатында тукум куучулукту ж-а өзгөр-гучтукту башкаруу методдорун иштеп чыгат. Г-нын негизги закондорун чех табият изилдөөчүсү Г. Мендель 1865-ж. ачкан. Бирок анын тажрый-баларынын мазмунун ж-а ал ачкан закондордун маанисин илим 1900-жылдан баштап баалады. Бул кезде тукум куучулук принциби ж-а генетикалык материалдын түзүлүшү аныкталып, эне-ата касиеттери м-н белгилеринин тукум куугуч закондору изилдене баштаган. Ошол изилдөөлөрдүн өөрчүшундө гидробиол. талдоо методу чоң мааниге ээ болду. Г-нын өсүшүнүн баштапкы мезгилинде гидробиол. талдоо жыйынтыктары м-н цитологиянын жетишкендиктеринин натыйжасында цитогенетика пайда болду. Цитогенетика белгилердин тукум куучулук өзгөчөлүктөрү м-н мейоз кезиндеги хромосомалар аракетин байланыштырат. Ошентип, тукум куугуч хромосома теориясынын негизи түзүлдү. Хромосома теориясы белгилердин ажыроо кубулуштарына, касиеттердин көз карандысыз тукум куушуна түшүнүк берди ж-а анын калыптануусуна амер. илимпоздор Т. Х. Морган (1911) ж-а анын шакирттери К. Бриджес, Г. Мёллер, A. Стёртевант зор салым кошту. Г-нын өнүгүшүндө рентген нурларынын генди өзгөртүшү—мутагендик методдордун ачылышы өзгөчө мезгил болду. Бул багытта сов. Генөтиктер B. В. Сахаров (1933), М. Е. Лобашев (1934) ж. б. маанилүү иштер жасашты. Ген теориясынын өсүшүнө сов. илимпоздор А. С Серебровский м-н Н. П. Дубинин да зор эмгек сйңирди. Алар гендин бөлүнөрүн далилдеди ж-а ген түзүлүшү ж-дөгу теорияга негиз салды. Дарвиндиң эволюция теориясынын өөрчүшүндө да Г-нын үлүшү чоң. Эволюциялык Г. эволюция кезиндеги тандоонун генетикалык механизмин, жеке гендин, гендер системасынын функциясын ж-а мутациялык процесстерди изилдеди. Сов. илимпоз С С. Четвериковдун эмгектери (1926) менделизм м-н дарвинизмди бирдиктүү концепцияга бириктирди. Г. илиминин калыптануусу алгачкы мезгилден баштап эле селекцияга теориялык негиз болду. Г. м-н селекция-нын бирдиктүүлүгү сов. илимпоз Н. И. Вавиловдун эмгегинен ачык көрүнөт. Н. И. Вавилов генетикалык изилдөөлөрдүн натыйжасында тукум куучулуктун гомологиялык катарлар законун ж-а эгилме өсүмдүктөрдүн теги ж-дөгү законду ачты. Ал эми бири бирине окшобогон организмдер-ди аргындаштыруу теориясына негиз салуучулар Г. Д. Карпаченко м-н И. В. Мичурин болду. Малдын селек-циясынын генетикалык негизин түзүүгө сов. генетиктер М. Ф. Иванов, А. С Серебровский, П. Н. Кулешов, Б. Н. Васин чоң үлүш кошту. Сов. илимпоз Н. К. Кольцов хромосома-нын мол. түзүлүшү ж-дө алгачкы пикир (1927, 1935) айткан. Генетика-да микроорганизмдер м-н вирустарды изилдөө ж-а физ., хим., матем. методдорду Г-га киргизүү молекулалык Г-нын өсүшүнө алып келди. Г-нын негизги түшүнүгү б-ча тукум куучулук — бул бардык организмдин өз муундарында өздөрүнө гана тиешелүү тектик биосинтезди ж-а зат алмашууну кайталап турушу. Г-нын негизги эрежесинин бири — организмдин өөрчүшү, алардын касиеттери ж-дөгү маалыматтар анын бардык клеткаларындагы ядронун хромосома молекулаларында болуп, укумдан ту-кумга өтүп турат. Тукум куучулукта негизги ролду ядро аткарат. Аргын-даштырганда же чаңдаштырганда ата-эненин белгилери жоголбойт ж-а адашпайт. Г. Менделдин аныктоосу б-ча даны сары ж-а жашыл түстүү буурчактарды чаңдаштырганда, алгачкы муундун (Fi) даны сары болот, ошол сары дандуу аргынды өзү м-н өзүн чаңдаштырганда кийинки муу-нунда (F2) дан сары ж-а жашыл болот. Бул эки муунда сары ж-а жашыл түстөрдүн катышы 3:1 болуп, бул кубулуш ажыроо ден аталат. Биринчи ж-а экинчи муундагы басымдуу (үстөмдүк) түс доминант, ал эми көмүскөдө калган түс (жашыл) рецес-сив белги деп аталат. Экинчи муундун сары түстөгү даны генетикалык жактан бир тектүү эмес. Өзү м-н өзүн чаңдаштырганда алар андан ары да ажырайт. Жашыл дандар генетикалык жактан бир тектүү; аны өзү м-н өзүн чаңдаштырганда жалаң гана жашыл дан берет. Белгилердин тукум куучулугун оңой анализдөө үчүн Мендель ген дер ди шарттуу тамга м-н белгилеген. Басымдуулук кылган белгилердин гендери альфавиттин баш тамгасы, рецессив белгилердин гендери кичине тамга м-н туюнтулган. Мис, белгилүү бир турактуу доминант белгиси бар организмдин генетикалык формуласы — АА, рецессив белгиси бар организм дики—аа. Ушундай эки организмди аргындаштырса (ААХаа) алардан Аа формуласында-гы аргын чыгат. А, а тамгалары бир гана белгинин өсүшүн башкаруучу гендерди билдирет. Доминант белгинин (АА) же рецессив белгинин (аа) гана өсүшүнө таасир этүүчү гендери бар организмдер гомозигота, ал эми генде экөө тең болсо (А а) гетерози-гота деп аталат. Тукум куучулук законун изилдөө негизинде организм фенотиби анын генотибине окшош боло бербестиги аныкталган. Г-нын негизги теорияларынын бири — тукум куучулуктун хромосома теориясы. Бул теория б-ча организмдин касиеттери м-н белгилеринин өсүшүн хромосомада тизмектелип жайгашкан ген бөлүктөрү башкарат. Бир хромосомада жайгашкан гендер бир чиркешуү тобуна кирет да, алар кийинки муунга бирге берилет. Бир ген бир нече касиетке таасир этиши белгилүү. Сырткы таасирлерден да ген өзгөрүшкө учурайт. Гендин функциясы ж-а фенотипке тийгизген таасири анын генетикалык системадагы физ. абалына, генетикалык ж-а сырткы чөйрөгө көз каранды болоору аныкталган. Организмдин ар кыл түрлөрүнүн чыгышына бир чети аргындаштыруу кезиндеги гендер реком-бинациясы (кайра куралышы) себеп болсо, бир чети гендер мутациясы таасир этет. Мутаниянын геномдук, хромосомалык ж-а чекиттин түрлөрү бар. Мендель аныктаган белгилердин ажыроо закону рецессив мутациянын жоголбой тургандыгын, гетерозигота абалында популяцияда сакталарын көрсөттү. Организмдин тиричилик чөйрөсү м-н катнашын генотип аныктайт деген эрежени Г. далилдеди. Табигый популяция мутациялары ре-цессивдүү гетерозигота абалында болот ж-а фенотиптен байкалбайт. Мындагы аллель (бирдей) гендердин тобу ж-а генотиптердин (АА, Аа, аа) аралык салмагы белгилүү катнашта болот. Англ. математик Г. Харди м-н немең врачы В. Вайнберг бул катышты мындай формула м-н көрсөткөн: p2AA+2pqAa-\-q2aa, мында р, q коэффициенттери — доминант ж-а рецессив гендердин тобу. Селекцияда аргындаштыруу ж-а тандоо иштери жалпы ж-а популяциялык Г-нын закондоруна таянат. Сов. селекционерлер П. П. Лукьяненко, В. С. Пустовойт, Ю. Н. Мамонтов ж. б. аргындаштыруу, тандоо аркылуу дан ж-а тех. өсүмдүктөрдүн баалуу сортторун өстүрүп чыгарды. Г. тиричиликтин негизги касиети — тукум куучулук эволюциялык өсүштө калыптанган ж-а генетикалык информа-цияны сактоочу, укумдан тукумга өткөрүүчү хромосоманын физ.-хим. татаал түзүлүшүнө байланыштуу экенин көрсөтүп, дүйнөнү матер, көз карашта түшүнүүгө чоң салым кошту.

Ад.:  Вавилов Н. И., Избр. соч., Генетика и селекция, М., 1966; Дубинин Н. П., Общая генетика, М., 1970; Р а и м к у л о в К. Р., Действие химических мутагенов на изменчивость яровой пшеницы. Труды Киргиз, гос. ун-та, Сер. биол. наук (Ботаника), 1974, вып. 14.

от 2020