— бурж. социолошянын адамзат коомунун ж-а анын маанилүү мекемелеринин пайда болушун изилдөөчү бөлүгү. Г. с-нын абдан кеңири таралган аныктамасы Ковалевскийдин «Социология» китебинде (2-томунда) берилген (1910). Өзүнүн предмети б-ча Г. с. этнография м-н алгачкы мад-т тарыхына жакын. Г. с. маселелерине Конт, Спенсер, Гумплович, Летурно, Уорд, Тард, Гиддингс, Грааф, Ковалевский, Л. Бернард, Богардус ж. б-дын эмгектеринде өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Бурж. социология алгачкы коомдун тарыхы б-ча баалуу эмгектерди бергени м-н адамзат коомунун келип чыгышын ил. түшүндүрө алган эмес. Анткени адамдын айбандар дүйнөсүнөн бөлүнүп чыгышында эмгектин ролу чоң экенин алар этибарга албай койгон. Г. с-нын көпчүлүк өкүлдөрү адамзат коому психикалык эмоциянын таасири астында пайда болду (Тард ж. б.) дешсе, айрымдары (Гумплович ж. б.) аны биологиянын закондору м-н байланыштырган. Г. с-нын өнүгүшүндө Л. Г. Моргандын эмгектери, айрыкча анын «Байыркы коом» (1877; орусча котормосу — 1890) деген китеби прогрессчил ролду ойногон. Морган алгачкы коомдун өнүгүшүн материалисттерче караган. Марксизм-ленинизм Г. с-ны өз алдынча бөлүп карабайт, коомдук кубулуштарды матер, ж-а диалек. көз караш м-н баалап жыйынтык чыгаруу үчүн алардын пайда болуш ж-а өнүгүш себептерин изилдөөнү талап кылат.

от 2020