нуклеин ptuc-лоталарынын молекулаларындагы тукум куучу информацияны туюндуруу-чу шарттуу белгилер (шифр) системасы. Бул айбанат, өсүмдүк, бактерия ж-а вирустарда нуклеотиддердин удаалаш жайгашуусун жүзөгө ашырат. Табигый нуклеин к-талары — дезоксирибонуклеин кислотасы (ДНК) м-н рибонуклеин кислотада (РНК) — нуклеотиддердин 5 тиби (ар нуклеин к-таларында 4төн) жолугат. Булар составындагы азоттуу негиздер м-н бири биринен айырмаланат. ДНКнын составында аденин (А), гуанин (Г), ңитозин (Ц), тимин (Т); ал эми РНК-да тиминдин (Т) ордуна урацил (У) негиздер болот. Г. к-догу колдоочу белгилердин саны (4) м-н белоктогу аминокислота; лардын саны (20) дал келбегендик- «с ө з д ү г ү» тен коддун саны (б. а. 1 аминокисло-таны коддоочу нуклеотиддин саны) бирге барабар эмес. Нуклеотиддерди 2ден кылып 42=16 ар түрдүү айка-лыштырганда бардык аминокислота-лар кодго салынбайт. 1954-ж. амер. илимпоз Г. Гамов триплет Г. к-дун моделин, б. а. бир аминокислотага З нуклеотиддин туура келишин (кодой) 43=64 сунуш кылган. Гендеги нуклео-тиддердин тизмеги төмөндөгүдөй Ц-Ц-Г-А-Ц-А-Г-У-А-У-У-А болсо, буларды үчтөн бөлүп (триплет), мис, ЦЦГ нуклеотиддери пролинди, АЦА теронинди, ГУА валинди ж. у. с. калган аминокислоталар чечмеленет (к. таблица). Г. к-долуш клеткада 2 этап м-н өтөт. Биринчи этап ядродо өтүп, транскрипция, экинчи этап цитоплазмада өтүп, трансляция деп аталат.

Ад.:   Б р е с л е р С. Е., Введение в молекулярную биологию, 2 изд., М.— Л., 1966.

от 2020