— Россияда мамл. аппараттын иш-аракетинин за-кондуулугун көзөмөлдөгөн өкмөттүк жог. чиновник, Сенаттын башчысы. Г.-п. кызматы 1722-ж. январда киргизилген. Петр I өлгөндөн (1725) кийин маанисин жоготуп, 1740—41-ж. убактылуу калыбына келтирилген. Ал 1802-жылдан кийин юстиция министринин милдетин да аткарып калган. Г.-п. формалдуу түрдө Сенаттын ж-а өлкөдөгү өкмөттүк көзөмөлдөө системасынын башчысы бойдон калганы м-н анын мааниси кийинчерээк төмөндөгөн. Г.-п. кызматы Февраль рев-ясынан (1917) кийин жоюлган.

от 2020