ГЕНЕРАЛЬНЫЙ ШТАБ

— бардык борб. ж-а жерг. аскер мекемелерин башкаруучу жог. аскердик орган. Г. ш. кызматы 16—17-к-да пайда болгон. Россияда 18-к-дын башынан Г. ш-дын чиндери ж-а квартирмейс-терлик чиндер киргизилген. СССРде 1918-ж. май айында Бүткүл россиялык башкы штаб түзүлгөн. 1921-ж. февралда Талаа штабы м-н бириктирилип, Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясынын ЖДКА штабы деп аталган. Анын биринчи начальниги М. В. Фрунзе штабды өркүндөтүү үчүн көп эмгек сиңирген. Улуу Ата Мек. согуш (1941—45) убагында Г. ш. (начальниктери — Б. М. Шапошников, А. М. Васильевский, А. И. Антонов) Жог. Башкы комапдованиенин Ставкасынын негизги органы болгон. Сов. Г. ш. Куралдуу Күчтөрдүн түрлөрүнүн башкы штабдарынын, оорук (тыл) штабынын, Коргоо мин-восунун башкы ж-а борб. башкармаларынын макулдашылган иш-аракетин камсыз кылат. 1946-жылдан Г. ш. СССР Куралдуу Күчтөрүнүн Ген. штабы деп аталды. 1953-жылдын мартынан Г. ш-дын начальниги СССР коргоо ми- нистринин биринчи орун басары да болуп саналат. СССР ж. б. соң. өлкөлөрдө Г. ш. Коргоо мин-волорунун составына кирет ж-а коргоо министр-лерине баш иет.

Ад.:   Штеменко С. М., Генеральный штаб согуш жылдарында, Фр., 1971; Шапошников Б. М., Мозг армии, кн. 1— З, М.—П., 1927—29.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *