ГЕМОФИЛИЯ

(гемо… ж-а гр. philia— ыңгайлуу)—тукум куучу, кандын начар уюшунан пайда болгон оору. Г-нын тукум куушу аялдын жыныс хромосомасынын гендеринин жабыр-капгына байланыштуу болот. Дарт энесинен балдарына өтөт. Канда VIII фактордун (антигемофилдик глобулин) кемчилдиги А гемофилияны, IX фактор (Кристмас) В гемофилияны, XI фактор С гемофилияны пайда кылат. Г. айрыкча жаш балдарда байкалат. Г. м-н ооруган адам кичине эле урунуп алса, ошол жери канталап, көгөрүп чыгат. Кээде терисин кесип же тилин тиштеп алса, же тишин жулдурганда кансырап аз кандуулукка, кээде өлүмгө дуушар болот. Кандын көпкө чейин уюбастыгы ж-а антигемофилдүү глобулиндин кемчилдиги—бул сыркоонун негизги белгиси. Кансырама сыркоолууларга кан, анын суюгу, антигемофилдүү глобулин куюлат ж-а кан токтотуучу препараттар колдонулат. Оорулуу балдарды урунуу, жыгылуу ж. б. кокустуктардан сактоо керек. Сыркоолуу балдарды дайыма атайын мекемелер көзөмөлгө алат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *