ГЕМОРРОИ

(гр. haimorrhoi’s — кан агуу, haima —кан ж-а rheo—агам дегенден) — көтөн чучуктун, көбүнчө арткы тешиктин айланасындагы көк кан тамырлардын түйүн сыяктуу кеңейиши. Түйүн тышкы (тери алдындагы) ж-а ички (былжыр чел алдындагы) болуп бөлүнөт. Г. м-н көбүнчө орто жашаган ж-а улгайган адамдар (аялдарга караганда эркектер 3 эсе көп) ооруйт. Г. жамбаштын кичине чарасы м-н көтөн чучуктун көк кан тамырында кандын токтолушуна ж-а басымдын көбөйүшүнө альш келүүчү себептерден (заңдын өнөкөт катышы, узак туруп иштөө, ич көңдөйүнүн шишиги, аялдарда — жатындын туура эмес орун алышы, бойго бүтүү ж. б.) пайда болот. Оору кармаганда арткы тешиктин айланасы кычышат, ооруйт, заңдаганда же күч келгенде, басканда (оору күчөгөндө) түйүн сыртка чыгат. Түнүндөй кан аккан-дыктан оорулуу адам аз кандуулукка чалдыгат. Дарылоо ооруну пайда кылган себептерге карата жүргүзүлөт: муздак (жогору атылма) душ, ич алма дарылар, клизма, күчөп кетсе, операция жасалат. Алдын алуу үчүн ичкилик, күчтүү ж-а куурулган тамак ичпей, заң катырбоочу режим кармап, айыктыруучу физ-раны колдонуу зарыл.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *