ГЕМОНХОЗ

от2020

Ноя 28, 2020

— кепшөөчү малдын мите курт ылаңы. Гемонхустар малдын жумурунда ж-а ичке ичегисинде ми-телейт, алар малдын канын сорот. Г. м-н кой, уй, эчки ылаңдайт, айрыкча жаш мал катуу жабыркайт. Ылаң-даган малдын ичеги-карынындагы былжыр чел канталап жараланат, мал чычкактайт, кансырайт, арыктайт. Диагноз мите курт уругун табуунун ж-а клиникалык, эпизоотоло-гиялык белгилердин негизинде коюлат. Дары катары фенотиазин, тетра-мизол ж. б. препараттар берилет. Бул дарыларды жемгө аралаштырып берүүгө да болот. Жайыт которуу, кыкты биотермикалык жол м-н залалсыз-дандыруу, малды туура тоюттандыруу профилактикада олуттуу роль ойнойт.

от 2020