ГЕМАТОМИЕЛЙЯ

(гемато… ж-а гр. myelos — жүлүн) — жүлүндүн тканы-на кан куюлушу. Жашына карабастан бардык кишилерде, көбүнчө эркектерде кездешет. Г. омурткалардын ж-а жүлүндүн жабык майып болушунан (бийиктен чалкалай, буту же башы м-н жыгылганда), булчуңдардын ашкере чыңалышынан (оор жүк көтөргөндө), электр тогуна урунганда, өтө жугуштуу оору м-н ооруганда пайда болот. Негизги белгилери: кол-бугтун (бир кол, бир буттун же экөөнүн тең), бир же эки ыптанын шал болуп, ысык-суукту, ооруганды сезбей ж-а заң м-н зааранын чыкпай калышы. Дарылоо үчүн оорулуу адамды ордунан козгобой тынч жаткырып, жүлүнгө куюлган канды токтотуучу каражаттар, йод прёпаратта-ры, айыктыруучу дене тарбия, мас-2-саж, ванна колдонулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *