ГЕМАТОМА

от2020

Ноя 28, 2020

(гемато… ж-агр. …бта— шишик) — жандарга суюк кандын белгилүү көлөмдө чогулушу. Г. көбүнчө майыптыктын же кээ бир оорулардын кесепетинен кан тамырдын керегеси жарылып, кан акканда пайда болот. Куюлган кан ткандарга сиңбей, ткандардын (тери клетчатка-сы, мээ, боор ж. б. органдардын) арасына кирип, түрдүү чоңдукта™ көң-дөйчөлөргө айланат. Г-нын кичинеси так калтырбай, акырындык м-н тарайт. Чоңдорунун тегереги сезгенип, сыртынан кабыкча м-н капталат. Г. болгон жер шишип, көгөрөт, ооруйт ж-а органдын функциясы бузулат. Дарылоодо кыса байлоо, биринчи күнү муздак, андан кийин жылыткыч басуу, ириңдеп кетсе же ички орган-дарда жарылса, хирургиялык жол колдонулат.

от 2020