ГЕМАТОЛОГИЯ

от2020

Ноя 28, 2020

ГЕМАТО… (гр. haima —кан), к. Ге-мо…

(гемато… ж-а …ло-гия) — кан ж-а кан пайда кылуучу системалардын түзүлүшү, функциясы, алардын ооруп калышы ж-а дарылоо методдору ж-дөгү илим. Г-нын серологиялык, морфол. ж-а клиникалык тармактары бар. 166Гж. италия-лык анатом М. Мальпиги, 1673-ж. голландиялык биолог А. Левенгук жаныбар м-н адамдын канынан кызыл кан денечелерин, ошол эле жылы англ. хирург У. Хьюсон ак кан денечелерин ачкандан кийин Г. өзүнчө илим болуп бөлүнө баштаган. Тром-боцитти франц. илимпоз Ж. Гайем (1877—78) ж-а италиялык илимпоз Ж. Биццоцерро (1882) ачкан. Орус илимпозу И. И. Мечников 1892-ж. фагоңитоз ж-дөгү окууга негиз салган. Г. илиминин өнүгүшүнүн натыйжасында лейкоз (ак кан оорусу) аз кандуулук, гемолиз сыяктуу түрдүү кан оорулары изилденип, аларды дарылоо методдору иш жүзүнө ашырылды. Г. илими кээ бир ооруларда (рак, гипертония ж. б.) кан составынын өзгөрүшүн аныктады. Орус илимпоздору А. А. Максимов, А. Н. Крюков ж-а немец гематологу А. Паппен-хейм кан денечелерин пайда кылуучу органдарды аныктап, алардын кызматы начарлаганда аз кандуулук болорун табышты. Организмдеги клеткалардын тиричилигине керектүү кычкылтек ж. б. газдарды алмаштырууда кандын фагоцитоз касиетинин мааниси чоң. Г-нын бир тармагы — иммуно гематология кандын группасын ж-а резус-факторун, кан куйганда керектелүүчү элементтер J ж. б. шарттарды «™™™н»шш««ш1 изилдейт. 1926-ж. в г_ ГепЬфрейх. сов. илимпоз А. А. Богданов дүйнөдө 1-жолу кан куюу ил. из. ин-тун уюштурган. СССРде Г. б-ча ил. из. иштерин Г. ж-а кан куюу ин-ттары, мед. ин-ттарынын ички оорулар клиникасы м-н ил. лабор-я-лары жүргүзөт. СССРде Г. маселелери ж-дө атайын журнал («Проблемы гематологии и переливания крови», 1956) чыгып турат.

Ад.:   Дульцин М. С, Успехи советской гематологии за 50 лет, «Проблемы гематологии и переливания крови», 1967, т. 12, 10.

от 2020