ГЕМАНГИОМА

(гр. Mima — кан, ап-geion — тамыр ж-а… опт — шишик) — кан тамырлардын зыянсыз шишиги. Түйүлдүк кан тамырларынын тубаса көптүгүнөн, о. эле тукум куучулук ж-а гормондук факторлордун таасиринен пайда болот. Ал аялдарда, жаш балдарда көп кездешет. Г. көбүнчө тери кыртышында болуп, андан ары былжыр челдерге өтөт, орган ж-а ткандардын функциясын бузат. Кээде булчуң, тарамыш, сөөк ткандарына ж-а ички органдарга (көбүнчө боорго) да залал келтирет. Ар кандай чоңдукта, өңү мала кызыл же кара көк болот. Г-ны дарылоодо салицил спирти ж. б. хим. заттар сыйпоо, хирургиялык же термиялык жолдор колдонулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *