Владимир Георгиевич [12(24). 3. 1885, Петербург-7. 8. 1967, Москва] —сов. архитектор, Соц. Эмг. Баатыры (1965). Петербург көркөм сүрөт академиясында Л. Н. Бе-нуадан таалим алган (1906—14~ж.). Арх. В. А. Щуко м-н Ленинградда Смольный дарбазасын (1923—25), Москвада В. PL Ленин атн. китепкананын жаңы имаратынын (1928—40), Дондогу Ростовдо (Ростов-на-Дону) жайгашкан М. Горький атн. драма театрдын (1930—35) имараттарын, өз алдынча Сухумидеги Өкмөт үйүнүн долбоорун түзүп чыккан; арх. И. Е. Рожин м-н Москвадагы метрополи-тенди («Новокузнецк» станциясынын вестибюлу, 1943; «Электрозавод» станциясын, 1944) ж-а Смоленск аянтындагы Тышкы иштер мин-восунун имаратын долбоорлогон (1948—52). Анын жетекчилиги м-н Кутузов проспекти кайра курулган. Ал Ленинград көркөм сүрөт академиясынын (1918—35), Москва жог. көркөм-ө. ж. окуу жайынын (1959—67) проф. болгон. Эки мертебе (1946, 1949) СССР мамл. сыйлыгын алган. Эки Ленин ордени, башка 5 орден ж-а медалдар м-н сыйланган.

Ад.:   Пекарева Н., Владимир Георгиевич Гельфрейх, «Архитектура СССР», 1960, № 6, с. 51—54.

от 2020