ГЕЛИОТЕХНИКА

от2020

Ноя 28, 2020

(гелио ж-а техника)— техникалык илимдин Күн нурунун энергиясын башка түрдөгү энергияга айландыруу жолун изилдөөчү тармагы. Күн өтө көп нур энергиясын Жерге жиберет. Бул атымдын атм-ранын жог. чегиндеги тыгыздыгы 1,4 ке т/м2 ге жетет, бирок анын бир топ бөлүгү атм-рага жутулат. Гелио-тех. эсептөөлөрдө күн нурунун тыгыздыгы деңиз деңгээлинде 0,815 квт/м2 деп алынат. Күндүн нур энергиясын пайдаланууга байыркы заманда эле аракеттер жасалып, бирок оңунан чыккан эмес. 1770-ж. гана О. Соссюр (Швейцария) «ысуучу ящик» түрүндөгү гелиоустановка жасаган. 19-к-дын экинчи жарымында Г-га кызыккандар көбөйгөн. А. Мушо (Франция), Ж. Эриксон (Швеция), А. Эниас (АКШ) Күндүн энергиясы м-н иштөөчү аба ж-а буу кыймыл-даткычтарынын тажрыйбалык үлгү-лөрүн түзгөн. Россияда 1890-ж. В. К. Цераский параболалык күзгүнүн фокусуна коюлган ар түрдүү металлдарды эритип, бир топ эксперимент жасаган. 1912-ж. Ф. Шумандын (Германия) ж-а У. Бойстун (Англия) сунушу б-ча Каирдин жанында ошол кезде ири деп эсептелген, кубаттуулугу 45 кет болгон күн энергиялык установка курулган. 20-к-дын 30-жыл-дарында инженердик эсептөө методдору иштелип чыккандан кийин ге-лиоустановкалар сууну туздан тазартуу, жер кургатуу ишинде энергиянын булагы катары пайдаланылган. Космос мейкиндигин өздөштүрүүгө байланыштуу Күн нурунун энергиясын электр энергиясына айландыруу б-ча иштер жүргүзүлүүдө. Г. тармагындагы изилдөө иштери көп өлкөлөрдө өөрчүп жатат. Сов. Союзунда Г. М. Кржижановский атн. Москва энергетикалык ин-тунун кызматкерлери Г. теориясынын көп маселелерин иштеп чыгып, өркүндөтүлгөн бир топ тажрыйбалык установка түзүштү.

Ад.:   Соминский М. С, Солнечная электроэнергия, М.— Л., 1965; Тепловые установки для использования солнечной радиации, М., 1966.

от 2020