ГЕЛИИ

(Helium), Не-Д. И. Мендө-леевдин мезгилдик системасынын VIII тобундагы хим. элемент, ат. н. 2, ат. м. 4,003. Аны 1868-ж. кун спек-трин изилдеп жатып Ж. Жансен, Н. Локьер ачышкан. 1895-ж. англ. химик У. Рамзай клевеит минералы-нан бөлүп алган. Жер кыртышында массасы б-ча 3-10—7 % түзөт. Абада көлөмү б-ча 0,0005%, жаратылыш га-зында 10%ке чейин кезигет. Ал космосто кеңири таралып, күн, жылдыз атм-расында ж-а метеориттердин составында жолугат. Жаратылыш Г-и эки туруктуу изотоптон (4Не, 3Не) турат. Кадимки шартта түссүз, жытсыз, бир атомдуу инерттүү газ, кайноо t—268,93СС. Кадимки басымда суюк Г. канчалык муздатса да катпайт. Жог. басым алдында гана катуула-нат. Г-дин атому ядро ж-а эки элек-трондон турат. Ионизациялык потенциалы бардык башка элементтерди-кинен чоң. Ал ө. ж-да жаратылыш газдарын өтө муздатуу жолу м-н алынат; металл иштетүүдө, тамак-аш консервалоодо инерттүү чөйрө түзүү, өтө төмөнкү темп-pa алуу үчүн ж-а атомдук энергетикада, физ. лабор-яда колдонулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *