ГЕККОНДОР

от2020

Ноя 27, 2020

(Gekkonidae) — сойлоо-чулардын кескелдириктер түркүмүндөгү тукуму. Көзү чоң, тостогой, жу-мулбайт. Г-дун уз. 30 см ге чейин. Буттары жакшы өөрчүгөн, манжалары^ жазы, куйругу морт, тез үзүлүп, кайра тез өсүп чыгат. Өңү боз же күрөң. Г. күндүз жашынын жатып, тиричилигин күүгүм талаш ж-а түнкүсүн өткөрөт. Көпчүлүгү дарак түп-төрүндө, шагыл тагдтарда кездешсе, кээ бир түрлөрү кумдуу чөлдөрдө жашайт. Курт-кумурска, жөргөмүш сы-малдууларды жейт. Бардык түрү жумуртка тууйт. 70 урууга бириккен 480 түрү бар. Алар тропик ж-а субтропик зоналарда таралган. СССРде (көбүнчө О. Азия м-н Каз-нда) 8 түрү бар. ГЕКЛА, Х е к л а—Исландиянын түштүгүндөгү өчө элек жанар тоо. Рейкьявик ш-нан 110 км чыгыш тарапта. Бийикт. 1491 м. Акыркы 700 жылдын ичинде 20 жолу катуу атылган.

от 2020