Георг Вильгельм Фридрих (27. 8. 1770, Штутгарт—14. 11. 1831, Берлин) — немец классикалык фило-софиясынын көрүнүктүү өкүлү, объективдүү идеализм негизинде диалек-тиканын системалуу теориясын түзгөн илимпоз. Чиновниктин үй-бүлөсүнөн. 1788—1793-ж. Тюбинген теологиялык (диний) ин-тунда окуган. 1793—1801-ж. үй мугалими. 1808—

ГЕГЕМОНИЯ 16-ж. Нюрнбергдеги гимназиянын директору. 1816—18-ж. Гейдельберг, 1818—31-ж. Берлин ун-ттеринин проф., кийинчерээк ректору. Негизги чыг-лары: «Дух феноменологиясы» (1807), «Логика илими» (1912), «Философия илимдеринин энциклопедиясы» (1817), «Укук философиясы» (1821) ж. б. Г. философиянын тарыхында биринчи болуп бүткүл табигый, тарыхый ж-а рухий дүйнөнү процесс түрүндө, б. а. үзгүлтүксүз өнүгүү, өзгөрүү, кайра түзүлүү түрүндө түшүнүүгө, кыймыл м-н өнүгүүнүн ички байланышын ачууга аракет кылган. Г. философиясынын чоң ийгилиги — анын «Логика илими» китебинде баяндалган объективдүү идеалисттик диалектика. Г. бул чыг-сында сандык өзгөрүүлөрдүн сапаттык өзгөрүүлөргө өтүү законун чечкен, ар кандай өнүгуүлөрдүн кыймылдаткыч күчү катары карама-каршылыктардын биримдиги ж-а күрөшү ж-дөгү окууну, танууну тануу законун, форма м-н мазмундун, бүтүн м-н бөлүктүн диа-лектикасын негиздеген. Ал аныктык, зарылдык ж-а кокустук сыяктуу көп категорияларды иштеп чыккан, «таа-ныла элек нерсе» ж-а көрүнүштөр ж-дөгү Канттын дуализмин сынга алган. Марксизм-ленинизм классиктери Г. философиясынын эки жагын — диа-лек. методун ж-а метафизикалык, консервативдүү системасын ажырата баалашкан. Г-дин диалек. методу б-ча түбөлүк өзгөрбөс, шартка баш ийбей турган ыйык эч нерсе жок. Илимпоз ар бир нерседе закондуу өсүп-өнү-гүүнүн ж-а кыйрап жок болуунун белгиси бар деп билет, предметте ж-а окуяда пайда болуу ж-а жоголуунун тынымсыз процессинен, төмөнкүдөн жогоркуга карай чексиз көтөрүлүү процессинен башка эч нерсени тааныбайт. Эгер Г-дин диалек. методун-дагы «рационалдык дан» (өнүгүү-өсүү ж-дөгү окуу), анын философиясынын прогрессчил жагын түзсө, анын идеалисттик, догматикалык системасы консервативдүү болуп, өнүгүүгө кайчы келген. Г-дин консервативдүү филос. системасы түбөлүк өзгөрбөй калчу абс. акыйкатты ачып тыныш керек эле. Гегель өзүнүн «Логика» деген эмгегинде мына ушул түбөлүк акыйкат логикалык (ошого ылайык тарыхый) процесстен башка эч нерсе эмес деп белгилеген ж-а анын аякталышын өзүнүн системасы м-н бүтүргөн. «Ло-гикада» бул тыяиакты башталма кылып алат, анткени акыркы чек, абс. идея өзүн жаратылыш кылып «кубул-тат да», андан барып духта, б. а. ойлоодо ж-а тарыхта кайрадан абс. идеяга айланып келет. Г. өзүнүн системасын, философия тарыхын филос. ойлордун өнүгүшүнүн жеткен чеги деп жарыялоо м-н аяктаган. Мындай я-еыйынтык Г-дин консервативдик филос. системасын абс. акыйкат деп моюнга алгандын болот ж-а догматикалык түшүнүктөрдүн баарын жокко чыгаруучу анын диалек. методуна карама-каршы келет. Г. философия-сындагы идеализм, о. эле анын бурж. чектелгендиги өзүнүн диалек. кай бир туура идеяларына карама-каршы болуп, диалектикадан социалдык ырааттуу жыйынтыктарды жасай ал-багандыкка ж-а үстөмдүк кылып турган түзүлүштү актоого ж-а аны м-н келишүүгө, пруссиялык монархияны коомдук өнүгүүнүн жетишкен жери деп моюнга алууга, өз улутунун адаттарын эбегейсиз көкөлөтө берүүгө алып келген. Г. өз заманынын эң универсал, акылман адамы болсо да, анын би-лиминин тереңдиги ж-а көлөмү ошо доордогу билимдер ж-а көз караштар м-н чектелген. Г. немец буржуазия-сынын идеологу болгон, ошон үчүн анын философиясы Германиядагы бурж. рев-яны идеялык жактан даярдоого катышып, аздыр-көптүр прогрессчил роль ойногон. Г-дин фило-софиясында о. эле немец буржуазия-сынын ыраатсыздыгы ж-а коркокту-гу анын реакциячыл юнкерчилик м-н жакындашууга умтулгандыгы да чагылып, консервативдик ж-а реакциячыл идеялар орун алган. Ушундай оомалык (эки багыт) Г-дин бардык чыг-ларында, алардын ичинен (К. Маркс) «Гегель философиясынын чыныгы булагы жана жашырын сыры» деп атаган «Дух феноменология-сында» да бар. Г. философиясы марксизм-лени-низмдин калыптанышында чоң роль ойногон; марксизм-ленинизм классиктери андагы баалуу нерсени — диа-лектиканы сактап калышты ж-а аны ил. негизде кайрадан иштеп чыгышып, жаратылыштын, коомдун яг-а ойлоонун өнүгүшүнүн эң эле жалпы закондору ж-дөгү окууну түзүштү. Марксизм-ленинизм немец философу-нун агностицизмге каршы күрөшун, историзмин, адамдын акыл-эс жөндөмүнө ж-а күчүнө ишенгенин, реалдуу дүйнөнүн ж-а таанып-билүүнүн маанилүү закон ченемдеринин байланышын болжой билген логикалык окуусун жогору баалайт.

Чыг.:  Соч., т. 1—14, М.—Л., 1929—59; Эстетика, т. 1—2, М., 1968—69; Наука логики, т. 1, М., 1970.

Ад.:   Маркс К., К критике гегелевской философии права, Маркс К., Э н-г е л ь с Ф., Соч., 2 изд., т. 1; М а р к с К., Энгельс Ф., Соч., 2 изд., т. 3; Энгельс Ф., Анти-Дюринг, Фр., 1964; Эн- гельс Ф., Людвиг Фейербах шана классикалык немец философиянын акыры, Фр., 1958; Ленин В. И., Философия дептер-лери, Чыг., кырг. 1-бас, 38-т.; Ошону-к у, Маркснзмдин үч булагы жана составдын үч бөлүгү, Чыг., кырг. 1-бас., 19-т; Овсянников М. Ф., Гегель, М., 1971.

от 2020