ГЕГЕЛЧИЛИК

от2020

Ноя 27, 2020

19-к-дын 30—40-жыл-дарында Гегель окуусунун негизинде чыккан идеалисттик филос. агым. Гегель өлгөн соң, ал түзгөн мектеп ыдырап, анын окуусу ар түрдүү партиялар тарабынан саясатта ж-а идеоло-гияда пайдаланыла баштаган. Г-тин оңчул тобу (К. Гешель, Г. Хинрихс, Г. Габлер) Гегелдин идеалисттик системасына ж-а андагы консервативдүү көз караштарга чоң маани берген. Ал топ Гегелдин философиясын диний духта түшүндүрүп, аны диний окуунун жаңы бир түрүнө айландырууга аракет кылган. Ал эми Г-тин солчул тобу Гегель окуусунун прогрессчил жактарына, өзгөчө анын диалек. ме-тодуна көңүл буруп, андан атеисттик ж-а рев-ячыл тыянактар чыгарган. Алар Гегель философиясын диний түшүнүктөрдөн арылтып, аны турмуш м-н тыгыз байланыштырууга далалат жасаган. Ошол кезде немең илимпоздорунун тынчын алган маселе дин м-н саясат болгон. Бирок солчул ге-гелчилер (А. Руге, Б. Бауэр ж. б.) идеалисттик көз караштан толук баш тартып, динге каршы айныбай күрөш жүргүзө алышкан эмес. Маркс м-н Энгельс «Ыйык үй-бүлө», «Немең идеологиясы» деген чыг-ларында жаш гегелчилөрдин идеологиясын катуу сынга алган. Гегель философиясын матер, көз карашта биринчи жолу Фейербах сынга алган —Гегель окуусунун прогрессчил жактарын өнүктүрүүдө Германияда Г. Гейне, Россияда А. И. Герцен, В. Г. Белинский, Н. Г. Чернышевский көп эмгек сиңирген. 19-к-дын 2-жарымы — 20-к-дын башында Гегель философиясына кызыгуунун артышы ар кайсы өлкөлөрдө неогегелчиликтин көптөгөн агымда-рын пайда кылды.

от 2020