Гвинея— Батыш Африкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Сенегал, түн. ж-а түн.-чыгышынан Мали, чыгышынан Пил Сөөк Жээги, түш-түгүнөн Либерия, түш.-баты-шынан Сьерра-Леоне, тун.-баты-шынан Гвинея-Бисау м-н чекте-шет. Батышын Атлантика океаны чулгап жатат. Аянты 245,8 миң км2. Калкы 5,2 .млн (1974). Борбору — Конакри ш. Ад-мин. жагынан 29 районго бөлүнөт. Мамлекеттик түзүлүшү. Г.— респ-ка. Азыркы конституциясы 1958-ж. 10-ноябрда кабыл алынып, ага 1963-ж. өзгөртүүлөр киргизилген. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы — президент, 7 жылга шайланат. Ал министрлерди, граждандык ж-а аскердик жооптуу кызматчыларды дайындап, иштен алат, куралдуу күчтөргө да башкы командачы. Өкмөтү (министрлер кабинети) министрлерден ж-а мамл. секретардан турат. Мамл. бийликтин жог. ж-а закон чыгаруучу органы — парламент (бир палаталуу Улуттук чогулуш). Райондор м-н округдардын башында президент дайындаган губернаторлор ж-а коменданттар турат. Сот системасы — Жог. кассациялык сот (эң чоң сот инстанциясы), Аппе-ляциялык сот, Жог. сот (мамл. кооп-суздукка каршы кылмыштарды, министрлердин ж-а жог. жооптуу кызматчылардын кылмыш иштерин карайт), аскер трибуналы ж. б. Мамл. желегин ж-а мамл. гербин К. Мамлекеттик желек, Мамлекеттик герб макалаларынын таблицасынан. Табияты. Г-нын аймагы дээрлик субэкватордук алкакта. Рельефинде орто бийиктеги жапыз тоолор ж-а түзөңдүү платолор көп. Атлантика океаньтаын жээктери кууш тилкелүү түзөң. Түш.-чыгыш бөлүгүн Түн. Гвинея дөңсөөсү ээлеп жатат. Кен бай-лыктарынан боксит, алмаз, темир,. аз өлчөмдө алтын бар. Климаты экватор-дук-муссондук, ысык, жайкысын нымдуу. Эң ысык айынын (март же апрель) орт. темп-расы 27—30°С, эң салкыны (август) 18—26°С Жээктерде ж-а Конакри р-пупда жаан-чачын диний 1КУУ- 4000 мм ден ашат. Башка жерле-уга де орто эсеп м-н 1200—1400 мм. Л рыялары коп ж-а суусу мол, аларды^ бир тобу (Гамбия, Бафинг, Нигер ж. б.) Фута-Жаллон ж-а Түн. Гвинея дөцсөөлөрүнөн башталат. Мурдагы жыш токой, азыр ар кайсы жерде гана сакталып калган. Түш. ж-а борб. райондордо өтө сейрек токой ж-а токой аралаш саванналар көп. Жеринин кыртышы көбүнчө кызыл топурактуу келет. Жээк бойлоп мангр токою өсөт. Г. айбанаттар дүйнөсүнө бай. Бирок аң уулоонун кесепетинен алардын саны азайган. Пил, гиппопотам, антилопа, каман, кабылан, гепард, ар түрдүү куштар бар. Калкы. Г-нын калкынын 60% ке жакыны манде тил тобуна, ал эми 40% тен ашыгы атлантика тил тобуна кирет. Мамл. тили — француз тили, бирок аны калктын аз гана бөлүгү билет. Калкынын 2/3 бөлүгү мусулман. Эмгекке жарамдуу калктын 85% а. ч-да иштейт, элдин орт. жыштыгы 1 км2 ге 16 адам. Ири шаарлары: Конакри, Канкан, Лабе ж. б. Тарыхый очерки. Г-нын алгачкы тарыхы аз изилденген. Анын азыркы аймагы о. кылымдагы Гана, Мали империялары-на караган. Мали мамлекетинин ыдыра-шына байланыштуу Г. жеринде майда мамлекеттер пайда болгон. 1725-ж. Фута-Жаллон аймагында көчмөн малчы фуль-ба калкынын аскердик-феод. мамлекети түзүлгөн. 15-к-дын орто ченинде Г-га европалыктар келишип, 19-к-га чейин кул еоодалашкан. 19-к-дын аяк ■ ченинде Г-ны европ. ири өлкөлөр талашып, ал талашта Франция жеңип чыгат. 1895-щ Г. Франциянын колониясы Сене-галдан бөлүнүп, өзүнчө колония болот. 1904—58-ж. Франция Гвинеясы деп аталат. 2-дүйн. согуштан кийин Г-да улут-тук-бошт. кыймыл күчөйт, 1947-яшлдын майында Африка Демокр, бирикмесинин (АДБ) гвинеялык секциясы — Гвинея демократиялык партиясы (ГДП) түзүлүп, ал колониализмге каршы күрөшкө жетекчилик кылат. 1958-ж. 28-сентябрда элдик референдумда шайлоочулардын 95,4% Г-нын көз карандысыздыгы үчүн добуш берет. 1958-ж. 2-октябрда ‘Г. кез карандысыз респ-ка болуп жарыяланат. Секу Type өлкөнүн президенти ж-а ГДПнин жетекчиси (1952-жылдан Ген. секретарь) болуп шайланат. Г. Р. 1952-жылдыи 12-декабрында ООНго кабыл алынды. Кийинки жылдары респ-ка социалдык-экон. ж-а саясий жактан кайра куруу жолуна өттү: уруу башчыларынын ин-ту жоюлуп, бийликтин жерг. органдары шайланды, аялдар тең укук алды. Эмгекчилерге акы төлөнүүчү отпуск, пенсия берилип, жер реформалары ж. б. чаралар жүзөгө ашырылды. Франц. франктын ордуна улуттук валюта киргизилди. ГДПнин съезддеринде мамлекеттин капит. эмес жол м-н өнүгүшү белгиленди. Г. тышкы саясаты жагынан импер. колониализм м-н неоколониализм-ге каршы позицияда турат, африкалык биримдикти чыңдоо үчүн күрөшөт. Сов. Союзу, ж. б. өлкөлөр м-н достук мамиледе. Саясий партиялары, профсоюздары. Гвинея демократия партиясы (ГДП) 1947-ж. негизделген. 1958-жылдан өлкөнү башкарат, Г-дагы жетекчи коомдук күч болун саналат. Г. эмгекчилеринин улуттук к о н ф оде р аци я с ы 1960-ж. июлда өлкөдөгү профсоюздардын базасында түзүлгөн. Профсоюздардын Бүткүл африкалык федерациясына (ПБАФ) кирет. Экономикасы. Г.— тоо-кен ө. ж. бир аз өнүккөн агрардык өлкө. Экономикасы сырткы соодага өтө көз каранды. Өз алдынчалыкка жетишкенден кийин анын ө. ж. бир кыйла өзгөрдү. Тоо-кен ө. ж-нын көпчүлүк бөлүгү чот элдик капиталга көз каранды болсо да ө. ж-да мамл. сектор жаралган. А. ч-сы дыйкандарды кооперативдештирүү^© багыт алган ж-а мамл. чарба түзүлгөн. Г. Сов. Союзунан экон. жардам алып, башка соц. мамлекеттер м-н экон. ж-а тех. жардамдашуу келишимин түзүүдө. Г-нын экономикасынын негизин а. ч. түзөт, ал өлкөдөгү бүт дүң продукциянын */б бөлүгүн берет. Өлкөдөгү жердин 4%ти гана иштетилет. Негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү: кофе, банан, шалы, фоньо, ак жүгөрү (сорго), жүгөрү; тех. өсүмдүктөрдөн май алынуучу пальма. 1973-ж. ЗОО миң т күрүч, 10 миң г кофе, 30 миң т банан жыйналган. 1973-ж. 1,8 миң уй, 825 миң кой-эчки болгон. 5 миң г балык кармалган. 1972-ж. 2,6 млн т боксит, 74 миң карат алмаз алынган. Өлкө гидроэнергетика запасына бай. 1971-ж. бир нече гидро ж-а жылуулук электр станциясы 450 млн кет-с электр кубатын чыгарган. Көз карандысыздыкка жетишкенден бери СССРдин жардамы м-н консерва, тактай тилүү, муздаткыч ж-а кычкылтек-ацетилен, кирпич-черепица з-ддору, ширенке-таме-ки ж-а текстиль комбинаттары, мебель ф-касы, автомобиль, велосипед з-ддору сыяктуу бир нече ө. ж. ишканасы курулду. Темир жолунун уз. 802 км, автомобиль жолу 13 миң км ден ашык, ири деңиз порту — Конакри. Аэропорту бар. Г. чет өлкөлөргө алюминий кычкылын, кофе, банан, алмаз, боксит, темир рудасын чыгарып, сырттан ө. ж. жабдууларын, а. ч. машиналарын, автомобилдер, нефть продуктусун, металл буюмдарын, азык-түлүк товарларын ж. б. алат. Соода шериктери: соц. өлкөлөр, Франция, АКШ, ГФР, Улуу Британия ж. б. Акча бирдиги — сили. Эл агартуусу. Кез карандылыктан ку-тулганча, Г-да калктын 90% сабатсыз болгон. 1959-ж. жалпы билим берүүчү бардык мекемелер мамл. карамагына алынып, окутууну африкалаштыруу б-ча маанилүү жумуштар аткарылган. 1961-жыл-дагы билим берүү реформасы б-ча 7—16 жаштагы балдарды милдеттүү түрдө акысыз окутуу, билим берүү системасын кайра куруу иши белгиленген. Окуу 4 жылдык башталгыч мектепте, 5 жылдык коллежде, 3 жылдык лицейде жүргүзүлөт. Окутуучуларды Канкан политех, ин-ту даярдайт. Конакриде СССРдин жардамы м-н Политех, ин-т (1963) салынган. Конакриде Улуттук китепкана (1960), Улуттук музей (1960) бар, 1958-ж. Улуттук ил. из. ин-ту түзүлгөн. Ил. иштерди Киндиадагы Пастер ин-ту, Конакридеги улуттук метеостанция ж. б. жүргүзөт. Басма сөз, радио уктуруу жана теле-көрсотүүсү. 1961-жылдан ГДПнин борб. органы «Хоройя» газетасы чыгат. Г-нын официалдуу «Журналь офисьел де ла Ре-пюблик де Гине» вестниги айына эки жолу басылат, анда закондор, декреттер, борб. бийлик органдарынын токтомдору, ар кандай жеке кулактандыруулар ж-а билдирүүлөр жарыяланат. 1958-жылдан улуттук радио ички программа б-ча француз ж-а Г. элинин тилдеринде, ал эми чет өлкөлөр үчүн англис, португал, араб ж-а африка тилдеринде уктурулат. Көркөм маданияты. Г-да илгери фольклор (уламыш, жомок, макал-лакап, тамсил ж-а турмуштук темадагы аңгеме өңдүү жанрлар) күчтүү өнүккөн. Фульба элинин эне тилинде жазма ад-т салттары да болгон. Айрыкча касыйда жанры кеңири тараган. Г-нын байыркы адабий салттарынын негизинде француз тилиндеги жаңы поэзия калыптанып жатат. Көрүнүктүү акындары: Рай Отра (Мама-ду Траоре), К. Ненекхали Камара, А. Секу Туре. А. Секу Туре прозачы катары да белгилүү. Көрүнүктүү прозачылары — Камара Лей, Э. Сиссе. 1960—70-ж. улуттук тилдердин жазмасы жарала баштаган. Бул болсо улуттук тилдердеги ад-ттын өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Шаарлардын азыркы кездеги админ. ж-а турак жай имараттарына күндөн калкалоочу түзүлүштөр кошо курулуу-да. 1958-жылдан көп имараттар соң. өлкөлөрдүн архитекторлорунун катышуусу м-н салынган. Элдик оюу-кесүү өнөрлө-рүнөн ар түрдүү жыгач бет кеп, адам м-н айбанаттардын таш ж-а жыгач статуяларын жасоо өнүккөн. Ар түрдүү буюмдар согуп жасоо, кездемеге түр салуу өнөрү да кеңири таралган. Г-дагы ар бир. элдин өз ыры, бийи бар. Обон, күүлөрү негизинен диатоника-луу, татаал ладдагылары да учурайт. Элдик музыкага бир үндүүлүк мүнөздүү. Көбүнчө барабан-тамтам, балафон, флейта сыяктуу муз. аспаптар кеңири тараган. Көз карандысыздыкка жетишкен соң (1958) жаз тибиндеги ансамблдер пайда болгон. Алар элдик обон, күүлөрдүн азыркы батыш бийлеринин таасиринде кайра иштелген формаларын аткарат. Г-да мамлекеттик муз. ансамбль да уюшулган. 1966-ж. «Сили-1» жаз ансамбли СССРге келип концерт берген. Конакриде балеттик труппа ж-а Улуттук муз. мектеп иштейт. Г-да оюн коюу байыркы заманда эле өнүккөн. Колон. бийлик мезгилинде элдик иск-вонун салттары жакшы өнүк-пөй калган. 1948-ж. Парижде «Африка балеттери» деген ансамбль түзүлүп, он жыл бою европ. өлкөлөрдө оюн-зоок көрсөтүп келген. Көз карандысыздыкка жетишкенде, «Г. Р-нын африкалык балет-тер» коллективи уюшулган. 1964-ж. «Жо-либа» улуттук ансамбли түзүлдү. Булардын экөө тең 60-жылдары СССРде болгон. 1970-ж. Конакриде биринчи жолу улуттук иск-во ж-а мад-т фестивалы өткөн.

Ад.; К р е к о т е н ь Л. П., Экономиче- ; екая политика Гвинейской Республики,j М., 1968; Type Секу, Независимая Гви- | нея. Ст. и речи, пер. с франц., М., 1960; I Новейшая история Африки, 2 изд., М., 1968; Виноградов В., Музыка Гвинеи, М., 1969.

от 2020