ГВИНЕЯ-БИСАУ

— Батыш Африка-дагы өлкө. Атлантика океанынын жээгинде. 1973-ж. 24-сентябрдан бери көз карандысыз. Ага чейин Португалия-нын ээлигинде (1973-ж. 1-январдан «автономиялуу штат», андан мурда «деңиз арты провинциясы») болгон. Түндүгүнөн Сенегал, чыгыш ж-а түш-түгүнөн Гвинея Респ-касы м-н чекте-шет. Аянты 36,1 миң км2. Калкы 600 миң (1974). Борбору — Бисау ш. Ад-мин, жагынан З округ, 9 районго бөлүнөт. Мамлекеттик түзүлүшү. Г .-Б.— респ-ка. Азыркы конституциясы 1973-ж. 24-сентябрда кабыл алынган. Закон чыгаруучу ж-а мамл. бийликтин жог. органы — Элдик улуттук чогулуш, сессия аралыгында анын функциясын Мамл. совет аткарат. Өкмөтү — Мамл. комиссарлар совети. : Мамл. желегин к. Мамлекеттик же- j лек макаласынын таблицасьшан. : Табияты. Жери түз, кээ бир жери саздак. Жээгинде булуң-буйтка өтө көп. Климаты экватордук-муссондуу, i жайы жаанчыл, кышы кургакчыл. | Январдын орт. темп-расы 24°С. Июл- | дуку 26°С. Жылдык жаан-чачыны: | жээкте 2000 мм, ички райондордо : 1200—1500 мм. Кыска, бирок суусу, мол дарыялары (Корубал, Жеба, Ка-шеу) бар. Өсүмдүктөрү токойлуу са-ваннадан дайыма көгөрүп туруучу тропик токоюна өтөт. Токоюн маймыл, буйвол, кабылан, каман, жылан мекендейт; канаттуулар көп. Калкы. Калкынын 80% — атланти-ка семьясындагы тилдерде сүйлөгөндөр (баланте, манжак, пепель, фуль-бе ж. б.). Португалдар да жашайт. Динге ишенгендердин 1/2 бөлүгү ата-бабасынан калган жерг. динди кармайт; мусулман ж-а католиктер бар. Мамл. тили — португал тили. Шаар- -, лары: Бисау, Болама, Кашеу. Тарыхый справка. Г.-Б-дагы элдердин байыркы ж-а о. кылымдагы тарыхы изилдене элек. 15-к-да Африканын батыш жээктерине келген португалиялыктар Г.-Б. жерин кул жөнөтүүчү пункт кылып, 16—18-к-да Фарин, Кашеу, Бисау сыяктуу таяныч базаларын түзгөн ж-а жүз миңдеген кулдарды Америка м-н Вест-Индияга жөнөтүп турушкан. Алар 19-к-дын башына чейин Г.-Б-нун жээкте-риядеги ж-а аралдарындагы айрым гана пункттарга ээ болсо, 20-к-дын 30-жылда-рынан өлкөнүн ички райондоруна да бийлик кыла баштаган. 19-к-дын соңку чейрегинде Африканы бөлүштүрүү башталып, Г.-Б. жерин Улуу Британия м-н Франция талашкан; бул талаштар Г.-Б-нун Португалиянын карамагында кала беришин шарттаган. 1879-жылга чейин Г.-Б-ну Португалиянын Жашыл Тумшук а-дарындавы колонияларынын губернатору башкарып турган; 1879-жылдан Г.-Б. өзүнчө колония болгон. Г.-Б-нун калкы чет элдик баскынчыларга катуу каршылык көрсөткөн. Мис, колон. эзүүгө каршы 1908-ж. чыккан көтөрүлүш 1915-жыл-га чейин созулган. Г.-Б-да бошт. күрөш 2-дүйн. согуштан кийин өзгөчө күчөдү. 1956-ж. Г.-Б-нун улуттук рев-ячыл партиясы — Гвинея ж-а Жашыл Тумшук а-дарынын көз карандысыздыгынын аф-рикалык партиясы (ПАИГК) түзүлдү. Ал 1961-ж. колониячыларга каршы куралдуу согуш ачып, 1971-ж. өлкөнүн жарымынан көбүн бошотту. Ал жерлерде жерг. бийлик органдары, а. ч. кооперативдери түзүлүп, мектептер ачылып, дагы башка прогрессчил реформалар ишке ашууда. 1973-ж. 24-сентябрда. Г.-Б. көз карандысыз мамлекет болду. Саясий партиясы. Гвинея жана Жашыл Тумшук ар а л дарыны н көз карандысыздыгынын Африкалык партиясы— өлкөдөгү жалгыз партия. 1956-ж. негизделген. Бардык башка саясий уюмдарга 1974-ж. 24-июнда тыюу салынган. Экономикасы. Г.-Б.— Африкадагы экономикасы эң арттагы өлкөлөрдүн бири. Табигый байлыктарың (токой ж. б.) чет элдик монополиялар пайдаланат. Калктын негизги кесиби — тропиктик дыйканчылык. Жеринин 9,4% иштетилет. Арахис, шалы, маниок, пальма (май ж. б. алуу үчүн), бир аз пахта, бал камыш ж. б. өстүрүлөт. 1972-ж. 280 миң уй, 66 миң кой, 176 миң эчки, 155 миң чочко болгон. 1974-ж. 9,5 млн кет-с электр энергия өндүрүлгөн. Ө. ж-ы айыл чарба про-дукциясын алгач иштеп чыгууга адистешкен (арахис, күрүч, каучук ж. б.). Самын кайнатуучу, тактай тилүүчү, целлюлоза, кирпич з-ддору иштейт. Автомобиль жолунун уз. 3,5 миң км. Деңиз порттору: Бисау, Болама, Кашеу. Бисауда эл аралык маанидеги аэропорт бар. Сыртка арахис, пальма майы, каучук, жыгач чыгарып, чет өлкөлөрдөн цемент, кездеме, нефть продуктусун, азык-түлүк ж. б. алат. Сырткы соода шериги — Португалия. Акча бирдиги — эскудо. Эл агартуусу. Мектептеринде негизинен европалыктар м-н аргындар, өтө аз санда африкалыктар окуйт. Окуу португал тилинде. Окуу мөөнөтү башталгыч мектепте 4, орто мектепте 7 жыл. Африка-лыктардын көпчүлүгү эки класс гана билим алат. Атайын орто ж-а жог. окуу жайлары жок. Бисау ш-нда чакан китепкана м-н музей бар.

Ад.:   Шейнис В. Л., Португальский империализм в Африке после Второй мировой войны, М., 1969.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *