ГВИАНА

ГВИАНА (британиялык) —Улуу Бри-таииянын Түш. Американын түндү-гүндөгү мурдагы колониясы. 1966-жылдан Гайана. ,

ГВИАНА (нидерланддык) — Нидер-ланддын Түш. Американын түндү-гүндөгү мурдагы колониясы, к. Суринам.

ГВИАНА (франциялык) — Түш. Американын түн.-чыгышындагы өлкө. Франциянын карамагында; батышы-пан Суринам, түш. ж-а чыгышынан Бразилия м-н чектешет, түн. ж-а түн.-батышынан Атлантика океаны чулгап жатат. Аянты 91 миң км2. Калкы 60 миң (1973). Админ. борбору — Кайенна ш. Табияты. Г. Гвиана бөксө тоосунун четки түн.-чыгышында жайгашкан. Климаты субэкватордук, айлык орт. темп-расы 28—29°С (Кайеннада), жылдык жаан-чачыны 3210 мм. Суусу мол, дарыялары көп. Ирилери — Ма-рони ж-а Ояпоки, Дайыма көгөрүп туруучу (баалуу жыгачтар аралаш) калың токой өсөт. Түн. ж-а борб. бөлүгүнүн ар кайсы жеринде бийик чөптүү саванна бар. Калкы. Калкынын 80% негр ж-а мулат (креол), индеецтер 10%ш түзөт. Мамл. тили — француз тили. Шаар калкы 50%, ири шаарлары — Кайенна, Сен-Лоран-дю-Маронй. Тарыхын справка. Франц. колошш-чылар азыркы Г-нын аймагына 1-жолу 1604-ж. келип, 17-к-дын 1-жары-мында Кайенна гд-н негиздеген. 17— 19-к-дын башында Г-ны ээлөө үчүн голландиялыктар, англичандар ж-а француздар өз ара күрөшүп, алмак-салмак бийлеп турган. Акыры 1817-ж. француз бийлиги орногон. 17-к-дын акырында Африкадан алынып келген кул негрлер иштеген плантация чарбасы өнүгө баштайт. 1794-ж. кулчу-лукка тыюу салынат, бирок 19-к-дын башында кайра калыбына келтирилет. 1848-ж. биротоло жоюлат. Улуу Француз рев-ясынын убагынан баштап Г. сургүнгө айдалуучу жерге айланат. Мис, Париж Коммунасы (1871) кулагандан кийин Г-га көп коммунарлар айдалат. 1946-ж. Г. Франциянын «деңиз арты департаментинин» статусун алды. Гвиана элинин союзу (1958-ж. негизделген). Гвиана соц. партиясы ж. б. прогрессчил күчтөр Г-га автономия берүүнү талап кылууда. Экономикасы. Г.— артта калган агрардык өлкө. Жеринин 0,1 бөлүгү гана иштетилет. 95% токой. Негизги а. ч. өсүмдүктөрү: банан, кассава, жүгөрү, шалы, бал камышы, картошка. 1972-ж. 8 миң уй, 6,3 миң чочко болгон. Экспортко жыгач даярдалат ж-а креветка кармалат. А. ч. сырьёлорун (асыресе ром ж-а роза эссенциясын) иштеп чыгуучу майда ишканалары бар. Г-да 1969-ж. 111,6 кг алтын казып алынган, 40 млн кет-с электр энергиясы (1972) иштеп чыгарылган. Автомобиль жолунун уз. 738 км. Ири порттору — Кайенна, Куру ж-а Сен-Лоран-дю-Марони. Четтен тамак-аш, отун, чала иштетилген сырьё, дая буюмдарды альш келет. Тышкы соода шериктери: Франция, АКШ, Суринам, Тринидад ж-а Тобаго. Акча бирдиги — француз франкы. Эл агартуусу. Элге билим берүү системасы Франциянын законуна негизделип түзүлгөн, окуу француз тилинде. Башталгыч мектебинде окуу мөөнөтү 5 жыл, толук эмес орто мектебинде (коллеж) 4 жыл, толугунда (лицей) 7 жыл. Жог. ж-а атайын орто окуу жайлар жок. Кайеннада чакан китепкана, музой, Пастер атн. тропиктик оорулардын ил. из. ип-ту бар.

Ад.:   Гвиана. Гайана. Французская Гвиана. Суринам, М., 1969.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *