ГВИАНА БӨКСӨ ТООСУ

— Түш. Американын түн.-чыгышындагы бөксө тоо. Ориноко ж-а Амазонка ойдуңда-рынын аралыгында. Колумбия, Венесуэла, Бразилия, Гайана, Суринам ж-а Гвиана (француздук) мамлекеттеринин аймактарында. Архей заманынын метаморфизм тектеринен түзүлгөн. Темир, алтын, алмаз, боксит, марганец ж. б. кен байлыктары бар. Рельефи көбүнчө дөңсөөлүү түздүк (бийикт. 150—400 м), борб. бөлүгү тоолуу (Серра-Имери, Пакарайма, Парима кумдуу платолору, Ауян-Тепуи, Ла-Гран-Сабана массивдери). Басымдуу бийикт. чыгыш бөлүгүндө 200— 600 м, батышында — 500—1000 м. Эң бийик жери 3014 м (Неблина чокусу). Климаты экватордук ж-а субэкватордук ысык ж-а нымдуу. Айлык орт. темп-расы 22—28°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 3500 мм (борб. бөлүгүндө 1200—1700 мм). Аймагынын көпчүлүк бөлүгүндө дайыма жашыл токой өсөт, кээ бир жерлеринде саванна бар. Жаныбарлары: кең таноо маймыл, кумурокачы, түрдүү куштар ж. б. Аз сандагы индеец калкы аңчылык, балык уулоо ж-а дый-канчылыкка кеоиптенишкен. Түн. ж-а чыгышында кен байлыктар казып алынат, чыгышында жыгач даярдалат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *