ГВАТЕМАЛА

Гватемала Республикасы — Борб. Америкадагы мамлекет. Батышы м-н түндүгүнөн Мексика, түн.-чы-гышынан Белиз, түш. — чыгышынан Гондурас ж-а Сальвадор м-н чектешет. Чыгышынан Кариб де-ңизи, түш. ж-а түш. — батышынан Тынч океаны чулгап жатат. Аянты 108,9 миң км2. млн (1974). Борбору — Гватемала ш. Админ. жактан өлкө 22 департаментке бөлүнөт. Мамлекеттик түзүлүшү. Г. — респ-ка. Азыркы конституциясы 1965-ж. кабыл алынган. Мамлекет ж-а өкмөт (Мин. Совети) башчысы — президент, 4 жылга шайланат, ал куралдуу күчтөргө да башкы командачы. Закон чыгаруу бийлигинин жог. органы — бир палаталуу парламент (Улуттук конгресс). Өкмөткө президенттен тышкары пред-ль жетекчилик кылат. Ал департаменттердин- губернатор-лорун дайындайт. Сот системасы: Жог. апелляциялык ж-а 1-инстанция-дагы соттор. Мамл. гербин ж-а мамл. желегин к. Мамлекеттик герб, Мамлекеттик желек макалаларынын таблицасынан. Табияты. Жеринин 7г бөлүгүн 1000—3000 м бийик тайпак тоолор ээлейт. Түн.-чыгышы ж-а түш.-баты-шы түзөң келет. Түндүгүндө дайыма көгөрүп туруучу тропик токою, тайпак тоолордо эмен ж-а кызыл кара- Гватемаладагы административдик и рат. 1933. гайлуу токой, түштүгүндө жалбырак төкмө токой ж-а саванна, бадалдар өсөт. Климаты субэкватордук. Орт. айлык темп-расы 23—27°С, тайпак тоолордо 15—20°С Жылдык жаан-ча-чыны 500—1000 мм, түш.-чыгышында 2000 мм, тайпак тоолордо 3500 мм. Калкы. Калкынын 55% тен ашыгы испанча сүйлөгөн испан-индеец ар-гындары (1974), калганы соке-майя тил семьясына кирген тилдерде сүйлөөчү индеецтер. Мамл. тили — испан тили. Официалдуу дини — католицизм. 1 км2 жерге 47,8 киши туура келет (1973). Шаар калкы 35%. Ири шаарлары — Гватемала, Кесальтенан-го, Пуэрто-Барриос, Масатонапго, Антигуа. Тарыхый очерки. Б. з. ч. 2-миң жылдыкта Г. терр-ясында индеец уруулары жашап, дыйканчылык (гозо, жүгөрү сыяктуу өсүмдүктөрдү эккен) ж-а аңчылык м-н кесип кылган. Аларда курулуш, арх-ра, астр-я, жазуу жакшы өнүккөн. Бирок 15-к-дын аягында ал уруулардын өз ара согушунан Г-нын экономикасы ж-а мад-ты төмөндөгөн. 1523-ж. испан колониячылары Г. жерин басып кирет. Баскынчылар, жерг. уруулар катуу каршылык көрсөтсө да, алардын ич ара чыр-чатагынан пайдаланып, Г-нын аймагын бүт каратат. Г. колонияга айланып, көп уруулар кырылып жок болот. 1860-ж. Г. генерал-капи-танчылыгы түзүлүп, ага бүткүл Борб. Америка ш-а азыркы Лексиканын бир бөлүгү кирет. Америкадагы испан коло-шшларынын көз карандысыздык үчүн со-гушунун (1810—26) жүрүшүндө Г. 1821-ж. Испаниянын эзүүсүнөн бошонуп, 1839-ж. оз алдынча респ-ка болуп жарыяланат. Р. Каррера башында турган консерватив-дүү-диний блок (1844—65) ири жер ээлик-ке негизделген социалдык-экон. түзүлүштү сактап калуу камын көздөйт. План-тациялык ири чарбалардын өнүгүшү м-н Г-да капит. мамилелер калыптана баштайт. Р. Каррера м-н анын мурасчысы Висенте Сернанын (1865—71) режимине нааразы болгон либералдар 1871-ж. куралдуу көтөрүлүшкө чыгат. Бийликке келген либералдык өкмөт өлкөнүн экон. жактан өнүгүшүнө түрткү берген бир топ реформа жүргүзөт. 1898-ж. бийлик ашынган оңчул саясий ишмерлердин колуна өтөт. Алардын өкүлү Э. Кабрера катаал диктатура режимин орнотуп, АКШ монополиясы Г-да таасирин күчөтөт. АКШ 20-к-да Г-нын банандуу мыкты жерлерин, темир жолдорун, портторун ээлеп, «мамлекет ичиндеги мамлекет» курат. Өлкөдө 20-жылдары улуттук-бошт. ж-а демокр. кыймыл кулач жаят. Профсоюздар түзүлөт. 1931-ж. бийликке жаңы диктатор Х. Убико келет. Ал өлкөнүн АКШга көз карандылыгын ого бетер күчөтөт. 2-дүйн. согуш мезгилиндеги улуттук-бошт. кыймыл Х. Убиконун кулашын шарттал, 1944—54-жылдагы антиимпер. демокр. рев-янын жеңишине алып келди. Х. Аревало (1944—51) м-н Арбенс Гусмандын (1951— 54) прогрессчил өкмөттөрү демокр. конституция кабыл алып, агрардык реформа жүргүзө баштады, СССР м-н дипл. байланыш түздү (1945), демокр. эркиндик ж. б. социалдык ин-ттарды калыбына келтирди. 1949-ж. Г-нын компартиясы (1952-жылдан Гватемала Эмгек партиясы) түзүлдү. Бирок АКШнын жардамы м-н Г. реакциясынын жасаган контррев-ячыл төңкөрүшү рев-ячыл прогрессти үзгүлтүккө учуратты. Кастильо Армас (1954—57), Идигорас Фуэнтес (1958—63) ж-а андан кийинки президенттер өлкөнү АКШнын монополияларына көз каранды кылды. Өлкөгө амер. монополиянын кириши К. А. Осорионун диктатордук режими учурунда (19,70-жылдан) айрыкча күчөдү. ] Ырайымсыз репрессияларга карабастан, Г-нын патриоттору өлкөнү чет өлкөлүк капиталдын туткунунан чыгаруу үчүн күрөшүп жатышат. Саясий партиялары, профсоюздары. Конституциялык — демократиялык партия (1964)—буржуазия, жер ээлери ж-а аскер төбөлдөрүнүн мүдөөсүн көздөгөн ашынган оңчул уюм. Улуттук боштондук кыймылы (1959) — бийликтеги реакциячыл партия, АКШны жактайт. Революциячыл партия (1957) орто, майда улуттук буржуазиянын, жер ээлери м-н интелли-генциянын таламы үчүн кызмат кылат. Христ и ан чыл домократ-тык партия (1955) орто, майда улуттук буржуазияны жактайт. Гватемала эмгек партиясы (ГЭП) 1949-ж. түзүлүп, 1952-жылга чейин Г-нын компартиям.! деп аталган. 1954-жылдан подпольеде. Гватемала автономиялуу профсоюз федерациясы (1957), ПБДФге мүчө; Г. профсоюздар совети (1956) Эркин профсоюздардын эл аралык конфедерациясына ж-а Америка аралык региондун уюмга кирет. Экономикасы. Г.— артта калган агрардык өлкө. Тропик өсүмдүктөрүн өстүрүүгө (көбүнчө экспорт үчүн) адистешкен. Экономикасында чет элдик капитал маанилүү орун ээлейт. Эмгекке жарамдуу калктын 3/5 бөлүгү (1971) а. ч-да иштейт, улуттук дүң продуктунун 1/Зин (1968) а. ч. берет. Негизги а. ч. өсүмдүктөрү: пахта (түшүмү 75 миң т, 1972), жүгөрү (586 ^миң т), кофе (133,4 миң т), буурчак (65 миң т), байан (550 миң т), буудай (39 миң». 1972-ж. 1990 миң бодо мал, 898 миң чочко, 80 миң эчки, 198 миң жылкы болгоп. Баалуу жыгачтар, о. эле чикле ж-а каучук даяр-далат. Кариб деңизинин жээгинен креветка кармалат. Ө. ж. улуттук дүң продукт наркынын 15,9 %ин берет. Негизги ө. ж. тармактары: тамак-аш, текстиль, тигүү ж-а бут кийим. Майда кустардык ишканалары көп. Минералдык байлыктары азырынча начар иштетилет. Сурьма, цинк, коргошун казып алынат. 1977-ж. Исабаль көлүнүн жанынан ири никель ылгоочу комбинаттын комплекси курулмакчы. 1972-ж. өлкөдө ж-а Боро. Америкада биринчи жолу нефть кени ачылган. Эки нефть иштетүүчү з-ду бар. 1971-ж. 830 млн кет-с электр энергиясы иштелип чыккан. Автомобиль жолунун уз. 13,4 миң км, т. ж-нун уз. 1,6 миң км (1971). Г. аркылуу панамерикалык автомобиль жолу (511 км) өтөт. Аба жол катнашы өсүүдө, Гватемала ш-нда эл аралык аэропорт бар. Ири порттору: Пуэрто-Барриос, Санто-То-мас, Сан-Хосе, Чамперико. Сыртка кофе (экспорт наркынын 1/3), кебез, банан, кант чыгарат. Четтен даяр буюмдар, тамак-аш, отун алып келет. Тышкы соода шериктери: АКШ, Борб. Америка өлкөлөрү, ГФР, Япония. Ак_ ча бирдиги — кетсаль. 1 кетсаль — 1 долларга (АКШ) туура келет (1971). Маданияты. Мектеп жашына жете элек балдар үчүн атайын мекемелер уюшулган. Шаарда 6 жылдык, айыл жеринде З жылдык башталгыч мектептер бар. Орто жазуучулар куугунтукталып, эмиграцияга кеткен. Г. жеринде 2—9-к. майя индеецтеринин мад-ты гүлдөп турган. Алар пирамида (мунара түспөлдөнгөн храм), дворец өңдүү имараттар курушуп, бетине сүрөт салынган ж-а оймолуу карапаларды, таштан, соөктөн, үлүл кабыктарынан ар түрдүү буюмдарды жасашкан. Ал мезгилдин мад-тындагы бул салт элдик кол онөр-чүлүктө ушул күнгө чейин сакталып калган. Азыр да тик бурчтуу көчөлөр тармагы, жалгыз кабат үйлөр салынат.

Ад.:   Народы Америки, т. 2, М., 1959 (библ.); Гонионский С. А., Очерки новейшей истории стран Латинской Америки, М., 1964; Диас Россотто X., Характер Гватемальской революции (пер. с исп.), М., 1962.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *