— антиимпер., аптифеод. рев-я. 1944-ж. 20-октябрда Гватемала ш-нда куралдуу көтөрүлүш чыгып, бийлик рев-ялык хунтанын колуна өтөт. Кө-төрүлүштөн мурда (июнда) болгон массалык демокр. кыймыл Убиконун (1931—;44) диктатурасын кулатат. Рев-янын бул этабында жумушчу табы маанилүү роль ойногону м-н саясий жактан жетилбегендиктен, уюш-пагандыктан бийлик радикалдуу улуттук буржуазиянын колуна өтөт. Демокр. ж-а антифеод. кайра курууну көздөгөндөр Х. Аревалону президенттикке ташташат.- 1945-ж. конституция кабыл алынып, анда бурж.-де-мокр. эркиндиктерге (коммунисттик топтон башка саясий партияларга) уруксат берилет. Эмгек кодекси киргизилип, социалдык камсыздоо ж. б. закондор даярдалат. Өлкөдө жумушчу кыймылы жогорулап, ушундан улам Аревало коммунисттердин ачык иштешине макул болот. Марксчыл топтордун 1949-ж. сентябрда өткөн съездинде Гватемала компартиясы (1952-жылдан Гватемала Эмгек партиясы) түзүлөт. 1951-ж. президент болгон Х. Арбонс Гусман агрардык реформа сыяктуу бир катар прогрессчил чараларды жүзөгө ашырат. Г. р-нан чочулаган АКШ империалист-тери гватемалалык реакциячыларга таянып, 1954-ж. ага каршы куралдуу интервенцияга- өтөт. Гватемала армиясынын командованиеси элди ку-ралдандыруудан баш тартып, мамл. төңкөрүш жасайт. Бийликке келген контррев-ячылар Г. р-нын бардык же-ңиштерин жоёт.

от 2020