ГВАДИАНА

от2020

Ноя 27, 2020

(ар. вади — дарыя ж-а лат. Anas — Г-нын байыркы аты) — Испания м-н Португалиядагы дарыя. Уз. 820 км, алабынын аянты 68 миң км2. Ла-Манча платосунан башталып, кууш өрөөн аркылуу агат да, Атлантика океанынын Кадис булуңуна куят. Жаан-чачындан куралат. Кыш ж-а жаз мезгилинде суусу көбөйүп, жайкысын тартылат. Сихара суу сактагычы ж-а ГЭС курулган. Помаран (Португалия) ш-на чейин (52 км) кеме жүрөт. Дарыя сугатка пайдаланылат. Чатында Португалия-нын Вила-Реал-ди-Санту-Антоныо порту жайгашкан.

от 2020