ГВАДЕЛУПА

от2020

Ноя 27, 2020

Вест-Индиядагы өлкө. Франциянын ээлиги; 1946-жылдан Франциянын «деңиз арты департаменти». Составына Гваделупа а. ж-а бир нече майда арал кирет. Аянты 1,8 миң км2. Калкы 340 миңден ашык (1974), негизинен негр м-н мулат. Мамл. тили — француз тили. Официалдуу дини — католицизм. Франция өкмөтү дайындаган префект башкарат. Франциянын парламентине Г-дан 3 депутат ж-а 2 сенатор катышат. Админ. борбору — Бас-Тер ш. Г-ны 1493-ж. Х. Колумб ачкан. 1635-ж. француздар каратып, 1674-ж. колония деп жарыялаган. Г-ны англичандар бир нече жолу басып алып (1759; 1794; 1810), бирок Париж тынчтык келишимдери б-ча (1763; 1816) Францияга кайра берген. Колониячыл үстөмдүктүн кесепетинен Г-да а. ч-нын экспорттолуучу тармактары (бал камыш, банан, кофе, какао) гана өнүккөн. 19-к-дын аягында а. ч. азык-түлүгүн иштетүүчү ө. ж. ишканалары курулуп, пролетариат пайда болот. 2-дүйн. согуш убагында Г-да туңгуч коммунисттик топтор уюшулат. 1958-ж. Гваделупа коммунисттик партиясы (ГКП) түзүлөт. Г. калкынын колон. режимди жоюу үчүн күрөшү Франциянын башкаруучу чөйрөлөрүн айрым реформалар жүргүзүүгө мажбурлады. 1946-ж. Г. «деңиз арты департамент» статусун алды. Бирок экономикасы бир беткей өнүгүп (экспорттун 75%, импорттун 90% Францияга туура келет), админ. түзүлүшү бөтөнчө болгондуктан, Г-да колон. тартиптин көп белгилери сакталып калган. Г-нын прогрессчил күчтөрү Г-га автономия берилишин талап кылууда. Г. — артта калган агрардык өлкө. Аянтынын 27%ти иштетилет; 10% — жайыт ж-а чабынды, 31 % — токой. Бал камыш (25 миң га), банан (8 миң га), кофе, какао өстүрүлөт. Уй, эчки, чочко багышып, балык кармаша!. Кант ж-а ром жасалат. Негизги соода-ө. ж. борбору ж-а порту — Пу-энт-а-Питр ш. Акча бирдиги —франң. франк. Г-тун элге билим берүү системасы франц. закондун негизинде түзүлгөн. Окуу французча. Башталгыч мектепке балдар 6 жаштан кабыл алынат. Окуу мөөнөтү толук орто мектепте (пицейде) 7 жыл, толук эмес (коллежде) 4 жыл. Жогорку окуу жайы жок.

от 2020