ГВАДАЛКВИВИР

от2020

Ноя 27, 2020

(ар. Вади-эль-Ке-бир — чоң дарыя) — Түш. Испанияда-гы дарыя. Уз. 560 км, алабынын аянты 57 миң км2. Андалус тоолорунан башталып, Кадис булуңуна куят. Тоодон Андалус ойдуңуна чыкканда дарыянын нугу кеңейип кетет (Кордова ж-а Севилья ш-нын аралыгында 150—200 м). Ири куймалары: Кичи Гвадиана, Хениль (сол), Гуадалимар, Уэльва (оң). Дарыя жаан-чачындан куралат. Суусу февр.— мартта көбөйөт. Орт. чыгымы 164 м3/сек. Кордова ш-на чейин кеме жүрөт. Сугатка пайдаланылат.

от 2020