Бобожан Гафурович [18 (31). 12. 1908-ж. т., Тажик ССР, азыркы Хожент р-ну, Исписар кыш.] — сов. партиялык ишмер, тарыхчы, Тажик ССР ИАнын акад. (1950), СССР ИАнын акад. (1968; корр. мүчө 1958). 1932-жылдан КПСС мүчөсү. 1935-ж. Бүткүл союздук коммунисттик журналистика ин-тун бүтүрүп, Таж-ндын жог. окуу жайларында сабак берген. 1941—44-ж. Таж-н КП БКнын пропаганда б-ча секретары, 1944—46-ж. экинчи секретары, 1946—56-ж. биринчи секретары. 1956-жылдан СССР ИАнын Чыгыш таануу ин-тунун директору. О. Азия элдеринин ж-а ислам дининин тарыхы б-ча көп эмгектери бар. Партиянын 19, 20-съезддеринде КПСС БКнын мүчөлүгүнө шайланган. СССР Жог. Советине (2—5,7-шайл.) депутат. Ж. Ңеру атн. эл аралык сыйлыкка арзыган (1968). 6 Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

Чыг.:  Колониализмдин күнү батып бара я:атаг, фр., 1964; Кушанская эпоха и мировая цивилизация, М., 1968; Таджики. Древнейшая, древняя и средневековая истории, М., 1972.

Ад.:   Б. V. Гафуров. Библ., Душ., 1909

от 2020